Аксыда 908,2 млн сомдук сугат суу долбоору ишке ашууда

Аксыда 908,2 млн сомдук сугат суу долбоору ишке ашууда

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Аксы районунда курулуп жаткан Ак-Терек каналынын курулуш иштери менен таанышты.

Өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, Падыша-Ата дарыясынан башталган бул ири ирригациялык объект аймактагы сугат суу тартыштыгын жоюуга багытталган. Долбоордун жалпы наркы 908,2 млн сомду түзөт.

Канал толук ишке берилсе 3400 гектар жаңы жер өздөштүрүлүп, сугат суу менен камсыз болот.

Мындан тышкары, суу тосмо курулмасы, 2 чакырымдан ашык башкы канал жана узундугу 2 км 44 метр болгон туннель курулууда. Учурда туннелди казуу иштеринин 215 метри калганы айтылды.

Облус жетекчилиги курулуштун сапатын катуу көзөмөлдөөнү жана иштерди өз убагында бүтүрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы талаптарды бузган жактарга жазаны күчөтүү сунушталууда

Кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы талаптарды бузган жактарга жазаны күчөтүү сунушталууда

Кыргызстанда кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана кылмыштуу ишти каржылоого каршы талаптарды бузган компанияларга айып пулдарды көбөйтүү, ал эми айрым оор мыйзам бузуулар үчүн лицензиясын жокко чыгаруу же компанияны жоюу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун КРнын Финансы министрлиги 20-октябрда коомдук талкууга чыгарды. Аны талкуулоо 4-ноябрга чейин уланат. Долбоордо Укук бузуулар жөнүндө

Ишкер Media
Манас шаарына Түрк дүйнөсүнүн атын берүү демилгелинүүдө

Манас шаарына Түрк дүйнөсүнүн атын берүү демилгелинүүдө

Кыргызстан 2027-жылы Манас шаарына Түрк дүйнөсүнүн жаштар борбору статусун берүү демилгесин көтөрүүдө. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Бишкекте өтүп жаткан Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн жаштар жана спорт министрлеринин 10-мааракелик жыйынында билдирди. Министр буга байланыштуу Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө өлкөлөрдү бул сунушту

Ишкер Media
"Манас" эл аралык аэропортунда мечит салынат

"Манас" эл аралык аэропортунда мечит салынат

“Манас” эл аралык аэропортунда өзгөчө архитектуралык стили менен айырмаланган жаңы мечиттин курулушу пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстан аэропорттору мекемесинин маалымат кызматы кабарлайт. Имарат заманбап архитектуралык чечимдерди улуттук колорит менен айкалыштырган өзгөчө неостилде курулат. Долбоор боюнча мечиттин жалпы аянты 1 500 чарчы метрди түзүп, 2 000ден ашуун адамды кабыл алууга ылайыкталган.  Мечиттин

Ишкер Media
Өлкөдө абанын сапатын жакшыртуу багытында иштер аткарылууда

Өлкөдө абанын сапатын жакшыртуу багытында иштер аткарылууда

Жаратылыш министрлиги Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен биргеликте «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында эки күндүк окуу жана тажрыйба алмашуу семинарын өткөрдү. Бул тууралуу 21-октябрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Окутууда Кореянын абанын сапатын башкаруу системасы, атмосферага бөлүнүп чыккан булгоочу заттардын көлөмүн эсептөө жана көзөмөлдөө ыкмалары,

Ишкер Media