Баткенде 5 млн сомдон ашык алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Баткенде 5 млн сомдон ашык алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Баткен облусунда автоунааларды сатып алуу-сатуудагы алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27 жаштагы жаран милицияга кайрылып, таанышы беш автоунааны сатууга жардам берүү шылтоосу менен алып кеткенин билдирген.

Мындан тышкары, шектүү бизнес ачуу үчүн деп жабырлануучудан 3 млн 510 миң сом алып, аны кыска мөөнөттө кайтарып берүүнү убадалаган. Бирок кийин байланышка чыкпай, из жашырып кеткен.

Тергөө маалында жабырлануучуга жалпысынан 5 млн 295 миң сомдук материалдык зыян келтирилгени аныкталган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары Кочкор-Ата шаарынын 45 жаштагы тургуну кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Баткендин Чек айылында жаңы ичүүчү суу системасы курулууда

Баткендин Чек айылында жаңы ичүүчү суу системасы курулууда

Ичүүчү суу менен камсыздоо департаменти тарабынан Баткен облусунун Чек айылында жаңы ичүүчү суу системасы курулууда. Долбоор аяктаса, 5 миңден ашуун тургун таза жана коопсуз суу менен камсыз болот. Бул тууралуу Айыл чаба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, долбоор "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" программасынын алкагында ишке ашууда. Учурдагы

Ишкер Media
Бишкекте 5 автобус каттамы убактылуу өзгөрөт

Бишкекте 5 автобус каттамы убактылуу өзгөрөт

Бүгүндөн тарта Бишкектеги Махатма Ганди көчөсүндө жол оңдоо иштерине байланыштуу транспорт кыймылы чектелет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. Билдрирүүгө караганда, ага байланыштуу №6, 36 жана 169-автобустар Гагарин көчөсү аркылуу жүрүп, №4 шаардык ооруканага кирбей өтөт. Ошондой эле №23 жана 18-автобустардын схемасы өзгөрөт. Борбор калаанын мэриясы шаар

Ишкер Media
ЖК комитети Токтогул ГЭСин куруудагы компенсацияны көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

ЖК комитети Токтогул ГЭСин куруудагы компенсацияны көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычты курууда келтирилген зыян үчүн компенсациянын көлөмүн көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Парламенттин маалыматына караганда, аталган мыйзам долбоорун ЖКнын Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети 20-октябрдагы жыйынында карап,

Ишкер Media
Жоокерлерди үйүнүн курулушуна иштеткен командир кармалды

Жоокерлерди үйүнүн курулушуна иштеткен командир кармалды

Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Улуттук гвардиясынын аскер бөлүгүнүн командири кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлайт. Маалым болгондой, УКМК менен Аскер прокуратурасы биргеликте Коргоо министрлигинин Улуттук гвардиясынын аскер бөлүктөрүнүн биринин командири И.А.нын жеке үйүнүн курулушуна өзүнө баш ийген келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерин системалуу

Ишкер Media