Эмгек чөйрөсүндөгү басым жана куугунтук маселеси талкууланды

Эмгек чөйрөсүндөгү басым жана куугунтук маселеси талкууланды

Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктарын коргоо жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин 15-июндагы кезектеги отурумунда эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук жана куугунтук маселеси каралды.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук боюнча улуттук изилдөөнүн концепциясы сунушталды. Отурумга депутаттар, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Төрага Марлен Маматалиев жумуш ордундагы психологиялык басым, басмырлоо, коркутуу жана куугунтук көрүнүштөрү орчундуу көйгөй экенин белгилеп, аларды алдын алуу үчүн толук статистикалык база түзүү жана комплекстүү мамлекеттик чараларды иштеп чыгуу зарылдыгын айтты.

Депутат Камила Талиева Эл аралык эмгек уюмунун №190 конвенциясын ишке ашыруу боюнча сунуштарын айтты.

«Эл аралык эмгек уюмунун №190 конвенциясы Кыргызстандын жарандары үчүн коопсуз, татыктуу жана зомбулуксуз эмгек шарттарын камсыз кылууга багытталган маанилүү документ. Анын жоболорун ишке ашыруу үчүн убактылуу нускама практикалык механизм болуп, жумушчулардын укуктарын коргоону камсыз кылышы керек. Ишенимдүү маалыматтарсыз натыйжалуу мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу мүмкүн эмес», — деди эл өкүлү Камила Талиева.

Жыйында катышуучулар да сунуш-пикирлерин билдирип, бул багыттагы иштерди улантуу боюнча макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокенде жайытта мотоцикл айдагандарга айып салынды

Ноокенде жайытта мотоцикл айдагандарга айып салынды

Ноокен районунда жана Майлуу-Суу шаарында өткөрүлгөн рейд учурунда жайыт жерлеринде мототранспорт каражаттарын башкарган эки жаран аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, алардын ар бирине 5 миң 500 сомдон, жалпы 11 миң сом айып пул салынды. Мындан тышкары, жарандарга жайыттарды

Ишкер Media
Кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы талаптарды бузган жактарга жазаны күчөтүү сунушталууда

Кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы талаптарды бузган жактарга жазаны күчөтүү сунушталууда

Кыргызстанда кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана кылмыштуу ишти каржылоого каршы талаптарды бузган компанияларга айып пулдарды көбөйтүү, ал эми айрым оор мыйзам бузуулар үчүн лицензиясын жокко чыгаруу же компанияны жоюу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун КРнын Финансы министрлиги 20-октябрда коомдук талкууга чыгарды. Аны талкуулоо 4-ноябрга чейин уланат. Долбоордо Укук бузуулар жөнүндө

Ишкер Media
Манас шаарына Түрк дүйнөсүнүн атын берүү демилгелинүүдө

Манас шаарына Түрк дүйнөсүнүн атын берүү демилгелинүүдө

Кыргызстан 2027-жылы Манас шаарына Түрк дүйнөсүнүн жаштар борбору статусун берүү демилгесин көтөрүүдө. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Бишкекте өтүп жаткан Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн жаштар жана спорт министрлеринин 10-мааракелик жыйынында билдирди. Министр буга байланыштуу Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө өлкөлөрдү бул сунушту

Ишкер Media
"Манас" эл аралык аэропортунда мечит салынат

"Манас" эл аралык аэропортунда мечит салынат

“Манас” эл аралык аэропортунда өзгөчө архитектуралык стили менен айырмаланган жаңы мечиттин курулушу пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстан аэропорттору мекемесинин маалымат кызматы кабарлайт. Имарат заманбап архитектуралык чечимдерди улуттук колорит менен айкалыштырган өзгөчө неостилде курулат. Долбоор боюнча мечиттин жалпы аянты 1 500 чарчы метрди түзүп, 2 000ден ашуун адамды кабыл алууга ылайыкталган.  Мечиттин

Ишкер Media