Франциялык компания Манас шаарына асма жол курууну сунуштады

Франциялык компания Манас шаарына асма жол курууну сунуштады

Франциялык компания Манас шаарына асма жол куруу долбоорун сунуштады. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар мэри Абдупата Маткаликов француздук компаниянын Борбор Азия жана Батыш Балкан аймагындагы коммерциялык директору Орхан Ширин баштаган делегацияны кабыл алып, тараптар инвестициялык долбоорлорду талкуулашты.

Жолугушууда асма жол куруу демилгеси расмий түрдө сунушталып, ал ишке ашса шаардагы туристтик агымды көбөйтүү, эс алуу инфраструктурасын жакшыртуу жана коноктор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү мүмкүн экени белгиленди.

Ошондой эле бул долбоор ички жана тышкы туризмди өнүктүрүүгө, жергиликтүү экономиканы колдоого өбөлгө түзөрү айтылды.

Тараптар кызматташтыкты улантуу жана долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо боюнча макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй районунда 30 жаран акы төлөнүүчү коомдук иштерге катышты

Чүй районунда 30 жаран акы төлөнүүчү коомдук иштерге катышты

Чүй районуна эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов жана БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы кеңсесинин директорунун орун басары Согжин барышты. Маалыматка ылайык, "Акы төлөнүүчү коомдук иштер" долбоордун кезектеги этабына Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн 30 тургуну катышып, социалдык жана сугат тутумун жакшыртууга багытталган

Бишкекте 17 жана 22 кабаттуу үйлөрдүн курулуш сапаты текшерилди

Бишкекте 17 жана 22 кабаттуу үйлөрдүн курулуш сапаты текшерилди

Бишкек шаарында курулуп жаткан 17 жана 22 кабаттуу турак үйлөрдөгү бетондун бекемдиги текшерилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Текшерүү Нуркамал Жетикашкаева көчөсү, 3А дарегиндеги курулуш объектилеринде жүргүзүлдү. Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери бетондун иш жүзүндөгү бекемдигин аныктоо үчүн конструкцияга зыян келтирбеген атайын ыкма менен

Гендердик зомбулук боюнча улуттук изилдөөнүн жыйынтыктары талкууланды

Гендердик зомбулук боюнча улуттук изилдөөнүн жыйынтыктары талкууланды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде гендердик зомбулуктун алдын алуу жана жабыр тарткан адамдарды коргоо боюнча маселелер каралды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул көйгөйлөр 24-августта өткөн гендердик зомбулук боюнча улуттук изилдөөнүн алдын ала жыйынтыктарын талкуулоого арналган жолугушууда көтөрүлдү. Эмгек министрдин орун басары Аида Исатбек

Улуттук банк баалуу металдардан жасалган 78-коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды

Улуттук банк баалуу металдардан жасалган 78-коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды

Бүгүн КРнын Улуттук банкы “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” сериясындагы “Тайган жарыш” күмүш монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Билдирүүгө караганда, монета VI “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – 2026” иш-чарасына арналган жана кыргыз элинин маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу максатында чыгарылды. “Тайган жарыш” - бул илгертен эле ар кандай элдик майрамдарда өткөрүлүп келген жана ал бүгүнкү күндө