Министр Караколдогу тарых музейин жаңылоо иштерин текшерди

Министр Караколдогу тарых музейин жаңылоо иштерин текшерди

Каракол шаарындагы тарыхый музейде толук реконструкция иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 159 млн сомду түзөт. "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы учурда объектте оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү иштерин улантууда.

Министр Нурдан Орунтаев курулуштун сапатына көңүл буруп, тарыхый-архитектуралык мурастын сакталышын камсыз кылуу, бардык иштерди өз убагында бүтүрүү боюнча тапшырмаларды берди. Ошондой эле музейди заманбап маданий жана туристтик борбор катары өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

Башкы планга ылайык, музей комплекси жалпы аянты 1316 чарчы метрди түзгөн үч корпустан турат. Долбоордун алкагында имараттын ички жасалгаларын, архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу жана инженердик тармактарды толук жаңылоо каралган.

Долбоор аймактык инфраструктураны жакшыртууга, тарыхый-маданий мурастарды сактоого жана туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокенде жайытта мотоцикл айдагандарга айып салынды

Ноокенде жайытта мотоцикл айдагандарга айып салынды

Ноокен районунда жана Майлуу-Суу шаарында өткөрүлгөн рейд учурунда жайыт жерлеринде мототранспорт каражаттарын башкарган эки жаран аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, алардын ар бирине 5 миң 500 сомдон, жалпы 11 миң сом айып пул салынды. Мындан тышкары, жарандарга жайыттарды

Ишкер Media
Кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы талаптарды бузган жактарга жазаны күчөтүү сунушталууда

Кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы талаптарды бузган жактарга жазаны күчөтүү сунушталууда

Кыргызстанда кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана кылмыштуу ишти каржылоого каршы талаптарды бузган компанияларга айып пулдарды көбөйтүү, ал эми айрым оор мыйзам бузуулар үчүн лицензиясын жокко чыгаруу же компанияны жоюу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун КРнын Финансы министрлиги 20-октябрда коомдук талкууга чыгарды. Аны талкуулоо 4-ноябрга чейин уланат. Долбоордо Укук бузуулар жөнүндө

Ишкер Media
Манас шаарына Түрк дүйнөсүнүн атын берүү демилгелинүүдө

Манас шаарына Түрк дүйнөсүнүн атын берүү демилгелинүүдө

Кыргызстан 2027-жылы Манас шаарына Түрк дүйнөсүнүн жаштар борбору статусун берүү демилгесин көтөрүүдө. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Бишкекте өтүп жаткан Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн жаштар жана спорт министрлеринин 10-мааракелик жыйынында билдирди. Министр буга байланыштуу Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө өлкөлөрдү бул сунушту

Ишкер Media
"Манас" эл аралык аэропортунда мечит салынат

"Манас" эл аралык аэропортунда мечит салынат

“Манас” эл аралык аэропортунда өзгөчө архитектуралык стили менен айырмаланган жаңы мечиттин курулушу пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстан аэропорттору мекемесинин маалымат кызматы кабарлайт. Имарат заманбап архитектуралык чечимдерди улуттук колорит менен айкалыштырган өзгөчө неостилде курулат. Долбоор боюнча мечиттин жалпы аянты 1 500 чарчы метрди түзүп, 2 000ден ашуун адамды кабыл алууга ылайыкталган.  Мечиттин

Ишкер Media