Россиядагы кыргызстандык үй-бүлөгө 2,2 млн рубль камсыздандыруу төлөмү берилди

Россиядагы кыргызстандык үй-бүлөгө 2,2 млн рубль камсыздандыруу төлөмү берилди

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү каза болгон кыргызстандыктын үй-бүлөсүнө камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга көмөк көрсөттү.

Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын жараны Х.А.нын багуучусунан ажырагандыгына байланыштуу камсыздандыруу төлөмдөрүн алуу боюнча кайрылуусу түшкөн. Бул боюнча өкүлчүлүк тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Россиянын Социалдык фондунун Москва шаары жана Москва облусу боюнча бөлүмүнө расмий кайрылууларды жөнөткөн.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 2026-жылдын 10-июнунда жарандын үй-бүлөсүнө 2 млн 200 миң рубль өлчөмүндө бир жолку камсыздандыруу төлөмү берилди.

Мындан тышкары, каза болгон жарандын үч жашы жете элек баласына бойго жеткенге чейин ай сайын төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмү дайындалды.

Министрликтен белгилешкендей, чет өлкөдө эмгектенип жүргөн кыргызстандыктардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык укуктарын коргоо өкүлчүлүктүн негизги багыттарынын бири болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда бир күндө 17 мектеп жана 3 бала бакча ачылды

Кыргызстанда бир күндө 17 мектеп жана 3 бала бакча ачылды

Бүгүн, Кыргызстан боюнча 17 жаңы мектеп жана 3 бала бакча, жалпы 20 социалдык объект пайдаланууга берилди. Алар Бишкек шаарында, Ош жана Манас шаарларында, ошондой эле Ноокен, Тон, Алай жана Айтматов райондорунда курулган. Бишкек шаарындагы Патрис Лумумба көчөсүндө курулган №83 орто мектептин ачылышына МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Калган 16 мектеп

Ишкер Media
"Бала ырысы" жөлөк пулун 250 миңден ашык үй-бүлө алууда

"Бала ырысы" жөлөк пулун 250 миңден ашык үй-бүлө алууда

Үч жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган "Бала ырысы" мамлекеттик программасы ишке киргенден бери жөлөк пул алуучулардын саны туруктуу өстү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлайт. Маалымдалгандай, 2026-жылдын июль айында жөлөк пул алуучулар 191 796 болсо, сентябрь айында 232 529, ал эми

Ишкер Media
Жыргалаңдагы кластер үчүн “Ала-Тоо Резорт” 35 миллион сомдук тендер жарыялады

Жыргалаңдагы кластер үчүн “Ала-Тоо Резорт” 35 миллион сомдук тендер жарыялады

Ысык-Көлдүн Жыргалаң айылындагы төрт мезгилдүү кластер үчүн атайын техника жана материалдык-техникалык каражаттарды сатып алууга "Ала-Тоо Резорт" акционердик коому тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк департаменти билдирди. Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин маалыматына ылайык, жалпы суммасы 35,4 миллион сом. Товарлар 20-ноябрдан кечиктирилбей жеткирилиши керек. Департаменттин

Ишкер Media
РФдагы кыргыз жарандарынын төлөнбөй келген эмгек акылары төлөнүп берилди

РФдагы кыргыз жарандарынын төлөнбөй келген эмгек акылары төлөнүп берилди

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин РФдагы Өкүлчүлүгүнө Кыргызстандын 10 жаранынан “УМК” ЖЧКсы тарабынан эмгек акынын төлөнбөй жаткандыгы боюнча жамааттык кайрылуу келип түшкөн. Бул боюнча Өкүлчүлүк тийиштүү иш жүргүзүп, түзүлгөн кырдаалды сотко чейинки тартипте жөнгө салуу боюнча иш берүүчү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Эмгек министрлигинин билдирүүсүнө караганда, жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жана

Ишкер Media