"Түндүк" тиркемесине "Шайлоочунун кабинети" кызматы кошулду

"Түндүк" тиркемесине "Шайлоочунун кабинети" кызматы кошулду

"Түндүк" мобилдик тиркемесинде "Шайлоочунун кабинети" аттуу жаңы санариптик кызмат ишке киргизилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Жаңы кызмат жарандарга шайлоо тилкеси тууралуу маалыматты онлайн режимде алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө жана каттоосу кайда которулганын текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Буга чейин "Шайлоочунун кабинети" өзүнчө веб-сайт түрүндө иштеп келсе, эми анын негизги функциялары "Түндүк" тиркемесине интеграцияланды. Мунун аркасында шайлоочулар керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу ала алышат.

БШКнын маалыматына ылайык, кызматты ишке киргизүү мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөйт.

Жаңы кызмат "Түндүк" тиркемесине катталып, тастыктоодон өткөн колдонуучулар үчүн жеткиликтүү.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокенде жайытта мотоцикл айдагандарга айып салынды

Ноокенде жайытта мотоцикл айдагандарга айып салынды

Ноокен районунда жана Майлуу-Суу шаарында өткөрүлгөн рейд учурунда жайыт жерлеринде мототранспорт каражаттарын башкарган эки жаран аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, алардын ар бирине 5 миң 500 сомдон, жалпы 11 миң сом айып пул салынды. Мындан тышкары, жарандарга жайыттарды

Ишкер Media
Кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы талаптарды бузган жактарга жазаны күчөтүү сунушталууда

Кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы талаптарды бузган жактарга жазаны күчөтүү сунушталууда

Кыргызстанда кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана кылмыштуу ишти каржылоого каршы талаптарды бузган компанияларга айып пулдарды көбөйтүү, ал эми айрым оор мыйзам бузуулар үчүн лицензиясын жокко чыгаруу же компанияны жоюу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун КРнын Финансы министрлиги 20-октябрда коомдук талкууга чыгарды. Аны талкуулоо 4-ноябрга чейин уланат. Долбоордо Укук бузуулар жөнүндө

Ишкер Media
Манас шаарына Түрк дүйнөсүнүн атын берүү демилгелинүүдө

Манас шаарына Түрк дүйнөсүнүн атын берүү демилгелинүүдө

Кыргызстан 2027-жылы Манас шаарына Түрк дүйнөсүнүн жаштар борбору статусун берүү демилгесин көтөрүүдө. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Бишкекте өтүп жаткан Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн жаштар жана спорт министрлеринин 10-мааракелик жыйынында билдирди. Министр буга байланыштуу Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө өлкөлөрдү бул сунушту

Ишкер Media
"Манас" эл аралык аэропортунда мечит салынат

"Манас" эл аралык аэропортунда мечит салынат

“Манас” эл аралык аэропортунда өзгөчө архитектуралык стили менен айырмаланган жаңы мечиттин курулушу пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстан аэропорттору мекемесинин маалымат кызматы кабарлайт. Имарат заманбап архитектуралык чечимдерди улуттук колорит менен айкалыштырган өзгөчө неостилде курулат. Долбоор боюнча мечиттин жалпы аянты 1 500 чарчы метрди түзүп, 2 000ден ашуун адамды кабыл алууга ылайыкталган.  Мечиттин

Ишкер Media