Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

BAKAI жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлер үчүн каржылоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкан келишимге кол коюшту. Программанын алкагында бизнес экологиялык жана энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду ишке ашырууга, аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө жана тең мүмкүнчүлүктөрдү колдоого 500 миң сомдон 50 млн сомго чейин каржылоо ала алат.

Келишимге Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Башкармасынын төрагасынын орун басары Бакай Айдаралиев жана BAKAIнин Башкармасынын төрагасынын орун басары Нурдин Алыбаев кол коюшту.

Программанын алкагында Кыргыз Республикасынын Жашыл таксономиясына шайкеш келген долбоорлорду каржылоо каралган. Негизги багыттарга энергияны үнөмдөө, энергиянын кайра жаралуучу булактары, жашыл курулуш, экологиялык таза транспорт, ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу жана калдыктарды кайра иштетүү кирет.

Каржылоону кимдер ала алат?

Программа төмөнкү талаптарга жооп берген жеке ишкерлер жана юридикалык жактар үчүн жеткиликтүү:

• Кыргызстандын аймагында кеминде 12 ай бою үзгүлтүксүз иш жүргүзгөн;

• жылдык сатуудан түшкөн кирешеси 50 млн сомдон ашпаган;

• салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок;

• айлана-чөйрөнү коргоо, эмгек мамилелери жана эмгек коопсуздугу жаатындагы мыйзамдардын талаптарын сактаган.

Каржылоонун негизги шарттары:

• Суммасы: 500 миң сомдон 50 млн сомго чейин.

• Пайыздык чен: кредиттин суммасынын 80%га чейинки бөлүгү программанын каражаттарынын эсебинен жылдык 8% менен, ал эми кеминде 20%ы BAKAIнин каражаттарынын эсебинен жылдык 18-20% менен каржыланат.

• Мөөнөтү: инвестициялык максаттар үчүн 60 айга чейин.

• Күрөө: кыймылсыз мүлк

«Бүгүнкү келишим экологиялык жана энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду каржылоого, ошондой эле аялдардын ишкердигин колдоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. BAKAI үчүн бул бизнести өнүктүрүүгө гана эмес, Кыргызстандын экономикасынын узак мөөнөттүү өсүшүнө да кошкон салым», - деп белгиледи BAKAIнин Башкармасынын төрагасынын орун басары Нурдин Алыбаев.
BAKAI ишкерлер үчүн каржылык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү улантып, бизнести өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын туруктуу келечегине багытталган долбоорлорду колдоп келет.

Мындан тышкары окуңуз

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media
2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media
Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Кемин районундагы курулушка пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 225-контурда салынып жаткан көп функционалдуу май куюучу жайдын долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча

Ишкер Media
Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араван районунун Достук айыл аймагындагы Пахта-Абад айылында "Жаштар борбору" пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалымдалгандай, ачылыш аземге облус башчысы Аманкан Кенжебаев, Өзбекстандан келген делегация, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Иш-чара эки элдин достугун бекемдөөгө арналып, концерт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү

Ишкер Media