Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков баяндама жасап, долбоор мыйзамдарды өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккандыгын билдирди.

Долбоорду талкуулоо учурунда депутаттар ишкерлерге салыктык жүктү азайтуу, айып пулдардын өлчөмү, салык кызматкерлеринин жоопкерчилиги жана айрым тармактарга жеңилдик берүү маселелерин көтөрүштү.

Депутат Гүлшаркан Култаева базарлар, соода ишканалары жана тейлөө тармагынын өкүлдөрүнүн кайрылууларын айтып, салыкты Салык кызматы гана чогултушу керектигин белгиледи. Анын айтымында, салыкты базардын администрациясына чогултуу милдетин жүктөп, аткарылбаган учурда айып пул салуу туура эмес.

Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов учурдагы механизмди сактап калуу менен 1 млн сомдук айып пулдун өлчөмүн азайтуу маселесин тиешелүү тараптар менен талкуулоону сунуштады.

Бирок Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов ушундай эле механизмди калтырып, 1 млн сомдук айып пулду азайтуу боюнча тиешелүү бардык тараптар менен маселени талкуулоо сунушун берди.

Талкууда айып пулдардын өлчөмү да козголду. Депутат Нилуфар Алимжанова акциздик товарларга байланыштуу чакан ишканаларга да ири өлчөмдөгү айып пулдар салынып жатканын айтса, депутат Улан Сариев кайталанган мыйзам бузуулар үчүн салынган айып пулдар ишкерлерге терс таасирин тийгизерин белгиледи.

Мындан тышкары, депутаттар ишкерлердин сунуштарын эске алуу, мыйзам долбоорундагы айрым түшүнүктөрдү тактоо, тигүү тармагын колдоо, ишкерлерге салыктык каникул берүү мүмкүнчүлүгүн кароо жана чет өлкөдө иштеген эмгек мигранттарына салыктык жеңилдиктерди берүү маселелерин көтөрүштү.

Кызуу талкуудан соң, мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media