Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды
30-сентябрда Будапеште Кыргызстандын элчиси Эрлан Абдылдаевдин Венгриянын президенти Андраш Балинт Бакага ишеним грамотсын тапшыруу салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, салтанат Шандор сарайында өтүү. Жолугушуу учурунда элчи Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жолдогон саламын айтты.
Расмий бөлүктө баарлашуулар болуп, анда эки тараптуу мамилени өнүктүрүү, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну бекемдөө тууралуу сөздөр болду.
Эрлан Абдылдаев сапарынын аягында Будапештеги Баатырлар аянтына гүлчамбар койду.