Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактан улуу адамдардын саны акыркы беш жылда 146 миңден ашуунга же 25%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата маалымдады.

Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2026-жылдын башына карата өлкөдө эмгекке жарамдуу курактан улуу 737 миң адам катталган. Бул жалпы калктын 10%ын түзөт.

Алардын ичинен 63 жаштан ашкан эркектердин саны - 244 миң болсо, 58 жаштан ашкан аялдар - 493 миңди түзөт. Башкача айтканда, бул курактагы аялдар эркектерге караганда 249 миңге көп.

Статистика комитети муну аялдардын эркектерге салыштырмалуу орточо узак жашары жана пенсияга беш жыл эрте чыгышы менен түшүндүрөт. Кыргызстанда эркектердин орточо өмүр узактыгы 68,7 жаш болсо, аялдарда бул көрсөткүч 76,9 жашты түзөт.
БУУнун классификациясы боюнча, 65 жаш жана андан улуу адамдар жалпы калктын 7%дан көбүн түзсө, өлкө калкы улгайган деп эсептелет. Кыргызстанда 2026-жылдын башында бул курактагы жарандардын үлүшү 6,4% же 475 миңден ашуун адам болду. Бул өлкө калкы “карылыктын босогосунда турган” категорияга кирерин билдирет.

Салыштыруу үчүн, 65 жаштан жогорку жарандардын үлүшү - Казакстанда 9%, Азербайжанда 10%, ал эми Россия, Беларусь жана Молдовада 18%дан ашат. БУУнун болжолдоосуна ылайык, 2030-жылга карата Кыргызстанда 65 жаштан жогорку адамдардын үлүшү - 7%га жакындайт.

Мындан тышкары, 2025-жылдын аягында Социалдык фонддо жана башка мамлекеттик органдарда 868 миң пенсионер катталган. Алардын 671 миңден ашууну же 77%ы жаш курагына байланыштуу пенсия алышат.

2025-жылы дайындалган пенсиянын орточо өлчөмү 11 365 сомду түзгөн. Бул пенсионерлер үчүн белгиленген 7 699,36 сомдук жашоо минимумунан 47,6%га жогору.

Ошол эле жылы Социалдык фонддун жалпы чыгашаларынын 86%дан ашыгы пенсиялык камсыздоого багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

30-сентябрда Будапеште Кыргызстандын элчиси Эрлан Абдылдаевдин Венгриянын президенти Андраш Балинт Бакага ишеним грамотсын тапшыруу салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, салтанат Шандор сарайында өтүү. Жолугушуу учурунда элчи Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жолдогон саламын айтты. Расмий бөлүктө баарлашуулар болуп, анда эки тараптуу мамилени өнүктүрүү, эки

Ишкер Media
Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков баяндама жасап, долбоор мыйзамдарды өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккандыгын билдирди. Долбоорду талкуулоо учурунда депутаттар ишкерлерге салыктык жүктү азайтуу, айып

Ишкер Media
Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

BAKAI жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлер үчүн каржылоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкан келишимге кол коюшту. Программанын алкагында бизнес экологиялык жана энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду ишке ашырууга, аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө жана тең мүмкүнчүлүктөрдү колдоого 500 миң сомдон 50 млн сомго чейин каржылоо ала алат. Келишимге Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Башкармасынын төрагасынын орун

Ишкер Media
Кыргызстан Түркмөнстандагы TIF 2026 форумуна катышууда

Кыргызстан Түркмөнстандагы TIF 2026 форумуна катышууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Ашхабад шаарында өтүп жаткан Түркмөнстандын инвестициялык форумуна (TIF 2026) катышты. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы кабарлады. Форум 1-2-октябрь күндөрү өтүүдө. Ачылышында Равшанбек Сабиров Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи. "Кыргызстан менен Түркмөнстанды боордоштук мамилелер,

Ишкер Media