Чүй районунун аймагын көрктөндүрүү долбоору даярдалды
Чүй райондук администрациясынын Чүй айылындагы имаратынын аймагын көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты. Долбоор Ибраимов көчөсүндө жайгашкан административдик имараттын айланасын жаңылоону камтыйт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, министрликке караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй райондук башкармалыгы тарабынан даярдалган долбоордо аймактын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу жана коомдук мейкиндикти иретке келтирүү каралган.
Долбоор ишке ашса, административдик имараттын айланасы заманбап талаптарга ылайык көрктөндүрүлүп, жашоочулар жана мекеме кызматкерлери үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.



Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу