ЖК комитети Пакистан менен соттолгондорду алмашуу келишимин колдоду

ЖК комитети Пакистан менен соттолгондорду алмашуу келишимин колдоду

16-июнда Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда соттолгон жарандарды өткөрүп берүү тууралуу келишимдин долбоорун карап чыгып, жактырды.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева Кыргызстанда 8 миң 681 Пакистандын жараны каттоодо турганын маалымдады. Анын айтымында, 2025-жылы өлкөгө 14 миң 591 пакистандык кирсе, 15 миң 280 адам өлкөдөн чыгып кеткен.

Коңкубаеванын билдиришинче, 2024-жылы Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 431-беренеси боюнча 2012 чет өлкөлүк жаран жоопкерчиликке тартылып, алардын 672си өлкөдөн чыгарылган.

Учурда Кыргызстандагы түзөтүү мекемелеринде 18 Пакистан жараны жаза өтөп жатат. Алардын бири өмүр бою эркинен ажыратылган.

“Бар болгон маалыматка ылайык, Пакистандын аймагында эркинен ажыратуу жайларында жаза өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары жок. Бул кыргызстандыктардын Пакистандагы абалы криминогендик жагынан салыштырмалуу коопсуз экенин көрсөтөт. КРнын Пакистандагы элчилигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата консулдук каттоодо 191 кыргыз жараны турат, алардын 120сы туруктуу каттоодо”, - деди Үмүткан Коңкубаева.

Расмий маалымат боюнча, 2024-жылы чет мамлекеттерден 221 кыргызстандык экстрадицияланып, мекенине кайтарылган. Чет өлкөлөрдө жаза өтөп жаткан жарандарды өткөрүп берүү жана алмашуу иштери мамлекеттер аралык келишимдердин негизинде жүргүзүлөт. Бул багыттагы ыйгарым укуктуу орган болуп Башкы прокуратура саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Кербен шаарын айланып өтүүчү 9 километр автожол курулууда

Кербен шаарын айланып өтүүчү 9 километр автожол курулууда

Аксы районундагы Кербен шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, жалпы узундугу 9 чакырымды түзгөн автожолго эки катмар асфальт төшөлөт. Учурда жолдун 6 километрине биринчи катмар асфальт төшөлдү. Курулушка 8 атайын техника жана 20га жакын кызматкер тартылган. Белгилей кетсек, буга чейин бул аймак эгин талаасы

Ишкер Media
Аймактарда толук күн иштей турган 9 бала бакча уюштуруу пландалууда

Аймактарда толук күн иштей турган 9 бала бакча уюштуруу пландалууда

Кыргызстандын аймактарында толук күндүк режимде иштей турган тогуз бала бакча уюштуруу пландалууда. Учурда алар үчүн ылайыктуу жайларды тандоо маселеси каралып жатат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 20-октябрда министрликте ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны өтүп, тогуз бала бакча үчүн жайларды тандоо жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы 128

Ишкер Media
Анимация жана улуттук балдар контентин өнүктүрүү. МинКаб кинематография менен кеңеш өткөрдү

Анимация жана улуттук балдар контентин өнүктүрүү. МинКаб кинематография менен кеңеш өткөрдү

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Кыргыз Республикасынын Улуттук кинематография кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, профилдик мекемелердин жетекчилери жана ата мекендик киноиндустриянын ишмерлери катышты. Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын 9 айында кинематография тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жыйынтыктары чыгарылып, Кеңештин мурунку жыйынынын чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү

Ишкер Media
Окуучулар үчүн 238 миңден ашык иш дептерлер чыгарылды

Окуучулар үчүн 238 миңден ашык иш дептерлер чыгарылды

"Окуу китеби" басма үйү" мамлекеттик мекемеси табигый илимдер жана математика предметтери боюнча жалпы 238 430 нуска иш дептери басылып чыгарылганын билдирди. Маалыматка ылайык, ал окуу-методикалык комплекттер аймактардагы мектептерге жеткирилип, окуучуларга таратылат. Анын ичинде 2-класстар үчүн Табигый илимдер предмети боюнча: • Кыргыз тилинде билим алган класстар үчүн

Ишкер Media