Ат-Башыдагы чек ара бөлүмүнө 33 чакырым электр чубалгысы тартылды
Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндөгү мурда жарыксыз иштеп келген "Көк-Айгыр" чек ара бөлүмүнө электр энергиясы жеткирилди. Бул тууралуу президенттин Нарындагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында "Торугарт" көмөкчү чордонунан 33 чакырым электр чубалгысы тартылып, 160 кВА кубаттуулуктагы 2 трансформатор жана 500дөн ашык электр мамысы орнотулду.
Буга чейин бөлүм дизелдик генератор менен чектелген убакытта гана жарык алчу. Эми туруктуу электр энергиясы менен камсыздалып, чек арачылардын кызмат өтөө шарты жакшыртылганы кошумчаланган маалыматта.