ИИМ жарандарды аккаунттарын коргоонун жолдорун айтты

ИИМ жарандарды аккаунттарын коргоонун жолдорун айтты

Ички иштер министрлиги жарандарды интернеттеги аккаунттарын жана жеке маалыматтарын алдамчылардан коргоо үчүн эки факторлуу аутентификацияны күйгүзүүгө чакырат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлайт.

Маалыматка караганда, бул ыкма аккаунтка кирүүдө сыр сөздөн тышкары атайын тиркеме же бир жолку код аркылуу инсандыгын кошумча ырастоону талап кылат. Натыйжада сыр сөз башка адамдардын колуна түшүп калган учурда да аккаунттун бузулуу коркунучу азаят.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жарандарга ар бир аккаунт үчүн өзүнчө татаал сыр сөз колдонууну, ырастоо коддорун эч кимге бербөөнү жана аккаунтка кирген түзмөктөрдү үзгүлтүксүз текшерип турууну сунуштайт.

Эки факторлуу аутентификацияны күйгүзүү үчүн аккаунттун коопсуздук жөндөөлөрүнө кирип, "Эки факторлуу аутентификация" же "Эки этаптуу текшерүү" бөлүмүнөн ырастоо ыкмасын тандап, көрсөтмөлөрдү аткаруу керек.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө таштандыны белгиленбеген жерге төккөн айдоочу аныкталды

Чүйдө таштандыны белгиленбеген жерге төккөн айдоочу аныкталды

Аламүдүн районунун Виноградное айылында таштандыларды белгиленбеген жерге төккөн тарап жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу бүгүн Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, ИИМ кызматкерлиери менен биргеликте тиричилик таштандыларын белгиленбеген жерге төккөн КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын ээсинин өздүгү аныкталды. Аталган жаранга "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык протокол түзүлүп, административдик жоопкерчиликке

Ишкер Media
Кыргызстандык окуучулар эл аралык сынакта 4 медаль жеңип алышты

Кыргызстандык окуучулар эл аралык сынакта 4 медаль жеңип алышты

16–19-октябрь күндөрү Румынияда "Stelele Informaticii 2026" эл аралык информатика олимпиадасы өттү. Мелдешке 23 өлкөдөн 200дөн ашуун окуучу катышты. Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, аталган сынакка Кыргызстандын атынан 8 окуучу онлайн форматта, видеокөзөмөл астында катышты. Алардын ичинен 4 окуучу байгелүү орунга ээ болсо, бир окуучу Ардак грамотага татыды.

Ишкер Media
Баткенде 10 миң кишилик стадиондун курулушу 80 пайыз аяктады

Баткенде 10 миң кишилик стадиондун курулушу 80 пайыз аяктады

Баткен шаарындагы 10 миң кишиге ылайыкталган стадиондун курулушу 80 пайыз аяктады. Бул тууралуу 22-октябрда Баткен облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Билдирүүгө караганда, КРнын президентинин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев бүгүн стадиондун курулушунан кабар алды. Токсонбаев анда курулушутун сапатын дыкат көзөмөлдөө жана өз убагында бүткөрүү боюнча жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Ишкер Media
Ошто LED-экрандар үчүн жер тилкелери аукционго коюлду

Ошто LED-экрандар үчүн жер тилкелери аукционго коюлду

Ош шаарында жарнамалык LED-экрандарды орнотуу үчүн муниципалдык жер тилкелерин бир жылга ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, жалпысынан 15 жер тилкеси сунушталып, алардын жылдык старттык баасы 53 миң 721 сомдон 3 миллион 217 миң 322 сомго чейин белгиленген. Аукционго коюлган жерлер С. Вахапов, Көкүм-Бий,

Ишкер Media