Кыргызстандык окуучулар эл аралык сынакта 4 медаль жеңип алышты

Кыргызстандык окуучулар эл аралык сынакта 4 медаль жеңип алышты

16–19-октябрь күндөрү Румынияда "Stelele Informaticii 2026" эл аралык информатика олимпиадасы өттү. Мелдешке 23 өлкөдөн 200дөн ашуун окуучу катышты.

Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, аталган сынакка Кыргызстандын атынан 8 окуучу онлайн форматта, видеокөзөмөл астында катышты.

Алардын ичинен 4 окуучу байгелүү орунга ээ болсо, бир окуучу Ардак грамотага татыды.

Сынакта күмүш медаль алгандар:

  • Азирет Исраилов - "Intellect Pro School" мектебинин окуучусу;
  • Эмирхан Сыдыкбаев - "Газпром Кыргызстан" мектебинин окуучусу.

Коло медалга ээ болгондор:

  • Бектен Абдувалиев - "International School of Kyrgyzstan" мектебинин окуучусу;
  • Таалим Турумбеков - "Акылман" Президенттик лицейинин окуучусу.

Ал эми Ардак грамотаны:

  • Атай Өмүрбеков - "Intellect Pro School" мектебинин окуучусу алды.

Олимпиадага катышкандыгы үчүн сертификат берилгендер:

  • Гүлжигит Курбанбеков - "Акылман" Президенттик лицейинин окуучусу.
  • Бекжан Осмонов - "Газпром Кыргызстан" мектебинин окуучусу.
  • Айназик Джусупова - "Intellect Pro School" мектебинин окуучусу.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Манас шаарынын жана Сузак районунун өнүгүүсү менен таанышты

Садыр Жапаров Манас шаарынын жана Сузак районунун өнүгүүсү менен таанышты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас шаары жана Сузак районунун 2021-2026-жылдардагы өнүгүү жыйынтыктарын укту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Маалымдалгандай, мамлекет башчысына аймактарда аткарылган иштер жана алдыдагы долбоорлор тууралуу маалымат берилип, алардын мындан аркы өнүгүүсүнө зарыл болгон каражаттар бөлүнөрү белгиленди. Манас

Ишкер Media
Чүйдө таштандыны белгиленбеген жерге төккөн айдоочу аныкталды

Чүйдө таштандыны белгиленбеген жерге төккөн айдоочу аныкталды

Аламүдүн районунун Виноградное айылында таштандыларды белгиленбеген жерге төккөн тарап жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу бүгүн Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, ИИМ кызматкерлиери менен биргеликте тиричилик таштандыларын белгиленбеген жерге төккөн КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын ээсинин өздүгү аныкталды. Аталган жаранга "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык протокол түзүлүп, административдик жоопкерчиликке

Ишкер Media
Баткенде 10 миң кишилик стадиондун курулушу 80 пайыз аяктады

Баткенде 10 миң кишилик стадиондун курулушу 80 пайыз аяктады

Баткен шаарындагы 10 миң кишиге ылайыкталган стадиондун курулушу 80 пайыз аяктады. Бул тууралуу 22-октябрда Баткен облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Билдирүүгө караганда, КРнын президентинин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев бүгүн стадиондун курулушунан кабар алды. Токсонбаев анда курулушутун сапатын дыкат көзөмөлдөө жана өз убагында бүткөрүү боюнча жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Ишкер Media
ИИМ жарандарды аккаунттарын коргоонун жолдорун айтты

ИИМ жарандарды аккаунттарын коргоонун жолдорун айтты

Ички иштер министрлиги жарандарды интернеттеги аккаунттарын жана жеке маалыматтарын алдамчылардан коргоо үчүн эки факторлуу аутентификацияны күйгүзүүгө чакырат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлайт. Маалыматка караганда, бул ыкма аккаунтка кирүүдө сыр сөздөн тышкары атайын тиркеме же бир жолку код аркылуу инсандыгын кошумча ырастоону талап кылат. Натыйжада сыр сөз башка адамдардын колуна

Ишкер Media