Чүйдө таштандыны белгиленбеген жерге төккөн айдоочу аныкталды
Аламүдүн районунун Виноградное айылында таштандыларды белгиленбеген жерге төккөн тарап жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу бүгүн Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, ИИМ кызматкерлиери менен биргеликте тиричилик таштандыларын белгиленбеген жерге төккөн КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын ээсинин өздүгү аныкталды.
Аталган жаранга "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык протокол түзүлүп, административдик жоопкерчиликке тартылды.