Баткенде 10 миң кишилик стадиондун курулушу 80 пайыз аяктады

Баткенде 10 миң кишилик стадиондун курулушу 80 пайыз аяктады

Баткен шаарындагы 10 миң кишиге ылайыкталган стадиондун курулушу 80 пайыз аяктады. Бул тууралуу 22-октябрда Баткен облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.

Билдирүүгө караганда, КРнын президентинин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев бүгүн стадиондун курулушунан кабар алды.

Токсонбаев анда курулушутун сапатын дыкат көзөмөлдөө жана өз убагында бүткөрүү боюнча жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Объекттин курулушу 80 пайыз аяктаган. Жыл аягына пайдаланууга берүү пландалууда. 10 гектар аянтты ээлеген объектте футбол аренасынан сырткары үч машыгуу оюн талаалары жана төрт кичи футбол аянтчалары камтылган. Ал жарык берүүчү шам чырактар менен жабдылып, футболдук беттештерди кечки убакытта кабыл алууга да шарт түзүлөт.

Стадиондун аймагында профессионал футболчуларды жана жаш оюнчуларды кабыл ала турган 100 кишилик жатакана комплекси да курулууда.

Мындан сырткары 200 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай орун алат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Манас шаарынын жана Сузак районунун өнүгүүсү менен таанышты

Садыр Жапаров Манас шаарынын жана Сузак районунун өнүгүүсү менен таанышты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас шаары жана Сузак районунун 2021-2026-жылдардагы өнүгүү жыйынтыктарын укту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Маалымдалгандай, мамлекет башчысына аймактарда аткарылган иштер жана алдыдагы долбоорлор тууралуу маалымат берилип, алардын мындан аркы өнүгүүсүнө зарыл болгон каражаттар бөлүнөрү белгиленди. Манас

Ишкер Media
Чүйдө таштандыны белгиленбеген жерге төккөн айдоочу аныкталды

Чүйдө таштандыны белгиленбеген жерге төккөн айдоочу аныкталды

Аламүдүн районунун Виноградное айылында таштандыларды белгиленбеген жерге төккөн тарап жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу бүгүн Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, ИИМ кызматкерлиери менен биргеликте тиричилик таштандыларын белгиленбеген жерге төккөн КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын ээсинин өздүгү аныкталды. Аталган жаранга "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык протокол түзүлүп, административдик жоопкерчиликке

Ишкер Media
Кыргызстандык окуучулар эл аралык сынакта 4 медаль жеңип алышты

Кыргызстандык окуучулар эл аралык сынакта 4 медаль жеңип алышты

16–19-октябрь күндөрү Румынияда "Stelele Informaticii 2026" эл аралык информатика олимпиадасы өттү. Мелдешке 23 өлкөдөн 200дөн ашуун окуучу катышты. Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, аталган сынакка Кыргызстандын атынан 8 окуучу онлайн форматта, видеокөзөмөл астында катышты. Алардын ичинен 4 окуучу байгелүү орунга ээ болсо, бир окуучу Ардак грамотага татыды.

Ишкер Media
ИИМ жарандарды аккаунттарын коргоонун жолдорун айтты

ИИМ жарандарды аккаунттарын коргоонун жолдорун айтты

Ички иштер министрлиги жарандарды интернеттеги аккаунттарын жана жеке маалыматтарын алдамчылардан коргоо үчүн эки факторлуу аутентификацияны күйгүзүүгө чакырат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлайт. Маалыматка караганда, бул ыкма аккаунтка кирүүдө сыр сөздөн тышкары атайын тиркеме же бир жолку код аркылуу инсандыгын кошумча ырастоону талап кылат. Натыйжада сыр сөз башка адамдардын колуна

Ишкер Media