Азия өнүктүрүү банкы айыл чарба долбоорлоруна баа берди

Азия өнүктүрүү банкы айыл чарба долбоорлоруна баа берди

23-июнда Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан "Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү" долбоорунун жүрүшү менен таанышты.

Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жумушчу жолугушууга Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү, долбоордун жетекчиси Заур Бостанов, ошондой эле талдоочу Айнура Аскарбек катышты.

Жолугушууда Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн өкүлдөрү долбоордун алкагында аткарылып жаткан иштер, жетишилген жыйынтыктар жана учурдагы иш-чаралар тууралуу маалымат беришти.

Тараптар айыл чарба өндүрүмүн сактоо жана кайра иштетүү боюнча инфратүзүмдү өнүктүрүү, ишкерлерди колдоо жана жеңилдетилген насыялоо механизмдерин өркүндөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Мындан тышкары, долбоорду мындан ары ишке ашыруу пландары, учурдагы милдеттер жана кызматташуунун негизги багыттары талкууланды.

Мындан тышкары окуңуз

Сокулук айыл өкмөтүнүн казынасына 91,1 млн сом түштү

Сокулук айыл өкмөтүнүн казынасына 91,1 млн сом түштү

Сокулук айыл өкмөтүндө 2026- жылдын биринчи жарым жылдыгында социалдык-экономикалык өнүгүүгө багытталган бир катар иштер аткарылды. Жергиликтүү бюджеттин киреше планы 146,7%га аткарылып, казынага 91,1 млн сом түштү. Бул тууралуу Сокулук айыл өкмөтүнөн кабарлашты. Сокулук айыл өкмөтү башчысы Р.Иштыбаевдин маалыматына караганда , түшкөн каражаттын негизги бөлүгү салыктык кирешелерден

Кыргызстанда бензиндин баасын туруктуу кармоо үчүн 956 млн сом бөлүндү

Кыргызстанда бензиндин баасын туруктуу кармоо үчүн 956 млн сом бөлүндү

Кыргызстанда бензиндин чекене баасын туруктуу кармоо үчүн мунай ташуучу компанияларга 956 млн 139 миң сом мамлекеттик субсидия бөлүндү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо маселеси талкууланган жыйында билдирди. Маалыматка ылайык, субсидия күйүүчү-майлоочу материалдардын иш жүзүндөгү наркы менен чекене баасынын ортосундагы

Котур-Каманда 21,7 млн сомдук спорт залдын курулушу аяктап калды

Котур-Каманда 21,7 млн сомдук спорт залдын курулушу аяктап калды

Манас шаарына караштуу Т. Тайгараев аймактык башкармалыгынын Котур-Каман айылында заманбап спорт залдын курулушу дээрлик аяктап калды. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоорго жергиликтүү казынадан 21 млн 792 миң сом бөлүнгөн. Учурда имаратта акыркы курулуш иштери жүрүп, керектүү жабдуулар менен камсыздалып жатат. Белгиленгендей, жаңы спорттук

Токтогулда төрт социалдык объект курулууда

Токтогулда төрт социалдык объект курулууда

Токтогул шаарында балдар реабилитациялык борбору жана оорукананын 100 орундуу кошумча имараты курулуп жатат. Объектилер пайдаланууга берилгенден кийин медициналык жана реабилитациялык кызматтардын жеткиликтүүлүгү кеңейет. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Таласбай кичи районунда 750 орундуу жаңы мектеп да курулууда. Учурда курулуш иштеринин 75%ы аткарылды. Жаңы билим берүү мекемесинде окуучулар үчүн