Өзбекстандан алынып келинген колбаса Кыргызстанга киргизилген жок

Өзбекстандан алынып келинген колбаса Кыргызстанга киргизилген жок

Ош облусундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы “Достук” чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайында Өзбекстандан ташылып келе жаткан 650 кг колбаса Кыргызстандын аймагына киргизилген жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүктү текшерүү учурунда Чек ара ветеринардык көзөмөл пунктунун тескөөчүлөрү тарабынан Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык-санитардык талаптарынын бузулгандыгы аныкталды. Атап айтканда, продукциянын маркалоосу жок болуп, ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегени белгиленди.

Аныкталган мыйзам бузуулардын негизинде жүктү Кыргызстандын аймагына киргизүүгө уруксат берилген жок. Тескөөчүлөр тарабынан тиешелүү актылар түзүлүп, жүк “Достук” чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кайра Өзбекстанга кайтарылды.

Ветеринардык көзөмөл мамлекеттик чек ара аркылуу ташылып өтүүчү жаныбарлардан алынган продукциялардын коопсуздугун камсыз кылууга жана өлкө аймагына ветеринардык талаптарга жооп бербеген товарлардын кирүүсүнө жол бербөөгө багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген