1-июлдан тарта кыргызстандыктарды кандай өзгөрүүлөр күтөт?

1-июлдан тарта кыргызстандыктарды кандай өзгөрүүлөр күтөт?

2026-жылдын 1-июлунан тарта Кыргызстанда социалдык төлөмдөрдөн тартып транспорт, миграция жана такси тармагына чейин бир катар жаңы өзгөрүүлөр күчүнө кирет. Алардын айрымдарын эске салабыз:

-        1-июлдан баштап, Президенттин Жарлыгынын негизинде өлкөдө “Бала ырысы” мамлекеттик жөлөк пулу күчүнө кирип, 3 жашка чейинки бардык балдарга, үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, ай сайын 1200 сомдон каражат төлөнө баштайт.

-        1-июлдан Бишкек шаарындагы муниципалдык автобустарда жол кирени накталай төлөө токтотулат. Эми жүргүнчүлөр жол акысын банк карталары, QR-код, транспорттук карталар жана башка электрондук төлөм каражаттары аркылуу төлөй алышат.

Ошондой эле ушул күндөн тарта борбор калаада түнкү автобус каттамдары ишке кирип, коомдук транспорт болжол менен 40 мүнөт аралык менен жүрө баштайт.

-        1-июлунан тартып Россия Федерациясына визасыз кирген өлкөлөрдүн жарандары, кыргызстандыктар үчүн жаңы талаптар киргизилет:

  • RuID мобилдик тиркемесин жүктөп алуу;
  • тиркемеде каттоодон өтүү;
  • сапардын максатын, кирүү жана чыгуу күндөрүн көрсөтүү;
  • сүрөтүн, биометрикалык маалыматтарын жана үн жазуусун жүктөө;
  • чек арадан өтүү үчүн QR-код алуу.

 -        1-июлдан тарта Кыргызстанда такси кызматын көрсөтүүгө коюлган талаптар күчөтүлөт. Расмий каттоосуз жүргүнчү ташыган айдоочулар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.

 Ошондой эле такси айдоочулары медициналык жана техникалык кароодон үзгүлтүксүз өтүүгө милдеттүү. Ал эми иштөөгө керектүү документтерди эми атайын мобилдик тиркемелер аркылуу жөнөкөйлөтүлгөн тартипте тариздөөгө болот.

Мындан тышкары окуңуз

Ч.Айтматовдун айкелинин эскизин даярдап - 200 000 сом байге утуп алуу сунушталууда

Ч.Айтматовдун айкелинин эскизин даярдап - 200 000 сом байге утуп алуу сунушталууда

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелинин жана анын чыгармаларынын негизиндеги скульптуралык композициянын эскиздик долбооруна жарыяланган ачык сынактын мөөнөтү 29-ноябрына чейин созулат. Мындай билдирүүнү аталган министрликтен маалымдашты. Сынактын максаты - жазуучунун инсандыгын, чыгармачылык мурасын жана чыгармаларындагы жалпы адамзаттык баалуулуктарды чагылдырган мыкты монументалдык-скульптуралык чечимди тандоо. Билдирүүгө

Ишкер Media
Улуттук банк алты талапкердин кызмат ордуна дайындалышына макулдук берди

Улуттук банк алты талапкердин кызмат ордуна дайындалышына макулдук берди

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 29-сентябрда коммерциялык банктардагы бир катар жетекчилик кызматтарга сунушталган талапкерлердин талапкерлигине макулдук берди. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, “Асман Банк” ЖАКтын директорлор кеңешинин төрагасы кызматына сунушталган Исакова Гульзина Абыловнанын, ошондой эле директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө сунушталган Ааб Рийна Амалиенин талапкерлигине макулдук берилди.

Ишкер Media
Кыргызстанда 16 компаниянын ишмердүүлүгү токтотулду

Кыргызстанда 16 компаниянын ишмердүүлүгү токтотулду

Өлкөдө санкциялык коркунучтарды азайтуу жана ички көзөмөлдү күчөтүү боюнча иштер жүрүүдө. Тиешелүү маселелер президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы астында өткөн жумушчу кеңешмеде талкууланды. Анда санкциялык тобокелдиктерден улам Кыргызстанда 16 компаниянын ишмердүүлүгү токтотулган. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.  “Жыйында 40ка жакын компаниянын ишмердүүлүгү каралып, анын

Ишкер Media
Оштогу мыйзамсыз курулуш жүргөн аймак калыбына келтирилди

Оштогу мыйзамсыз курулуш жүргөн аймак калыбына келтирилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин көзөмөлүндө турган Ош шаарын, Курманжан-Датка көчөсүндөгү курулуш объектисинде аймакты калыбына келтирүү иштери аткарылды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты. Билдирүүгө караганда, буга чейин жүргүзүлгөн текшерүүлөрдө уруксат берүүчү документтерсиз курулуш иштери жүргүзүлүп жатканы аныкталып, компанияга 200 000

Ишкер Media