Айлана-чөйрөнү булгагандарга 1 млн сомго жакын айып пул салынды

Айлана-чөйрөнү булгагандарга 1 млн сомго жакын айып пул салынды

1-июндан 1-июлга чейинки мезгил аралыгында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жаратылышты коргоо мыйзамдарынын жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу максатында рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө жаратылышты коргоо мыйзамдарынын жана жаратылышты пайдалануу жаатындагы мыйзамдардын талаптарын бузуу боюнча көптөгөн фактылар аныкталды. Аталган фактылар боюнча жалпысынан 78 административдик протокол түзүлдү.

Салынган административдик айып пулдардын жалпы суммасы 929 000 сомду түздү.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы экологиялык мыйзамдардын талаптарынын сакталышын камсыздоо багытында системалуу иштерди улантууда. Ысык-Көл облусунун аймагында айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, экологиялык укук бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу максатында рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүп келет.

Кызмат жарандарды, юридикалык жактарды жана ишкердик субъекттерин жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга жана жаратылыш ресурстарына, ошондой эле аймактын экологиялык коопсуздугуна зыян келтирүүчү мыйзам бузууларга жол бербөөгө чакырат.

 

 

 

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги ири жол курулуштарынын жүрүшү текшерилди

Бишкектеги ири жол курулуштарынын жүрүшү текшерилди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев курулушу жана реконструкциясы жүрүп жаткан бир катар жол объектилерин кыдырып, долбоорлордун аткарылышы жана мөөнөтүнө таасир эткен көйгөйлөр менен жеринен таанышты. Мэриянын маалыматына ылайык, мэр Дүйшеев көчөсүнүн Чыңгыз Айтматов проспектисинен Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки тилкесинде болду. Бул жерде узундугу 1,1 чакырымды түзгөн жаңы жол жана

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулган 30 объект аныкталды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулган 30 объект аныкталды

Бишкек экологиялык прокуратурасы Ысык-Көл районунда экологиялык мыйзамдардын сакталышы боюнча жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарындагы жана Бостери айылындагы туристтик эс алуу жайларында мыйзам бузууларды аныктады. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Ысык-Көл райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тазалоочу курулмалардын санитардык-коргоо зонасынын ичинде курулуш жүргүзүүгө мыйзамсыз

“Ала-Тоо Резорт” долбоору инвесторлорго тааныштырылды

“Ала-Тоо Резорт” долбоору инвесторлорго тааныштырылды

13-июлда Бишкекте “Ала-Тоо Резорт” долбоору потенциалдуу инвесторлорго тааныштырылды. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Жолугушууга "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын жетекчилиги, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин өкүлдөрү жана инвесторлор катышты. Жолугушууда төрт мезгилде тең иштей турган курорттук шаарчанын курулушу жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат берилди.

Чек арачылар мушташып, бирөөсүнүн жаагы сынды

Чек арачылар мушташып, бирөөсүнүн жаагы сынды

Мамлекеттик чек ара кызматы 13-июлда маалымат таратып, келишимдик негизде кызмат өтөгөн эки чек арачынын ортосундагы жаңжал тууралуу маалымат берди. Маалыматка караганда, 9-июлда инженердик иштерди аткарып жаткан келишимдик негиздеги эки аскер кызматкеринин ортосунда өз ара түшүнбөстүктөн улам жаңжал чыккан. “Окуянын кесепетинен аскер кызматкери С.Т. денесинен жаракат алган. Жабырлануучуга