Ат-Башыда үрөн сактоочу агро борбордун курулушу башталды

Ат-Башыда үрөн сактоочу агро борбордун курулушу башталды

3-июлда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Ат-Башы районунда өлкөдөгү алгачкы заманбап үрөн сактоочу агро борбордун курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Долбоор Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан ишке ашырылууда. Салтанаттуу иш-чарага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу, “Кыргыз Агрохолдинг”ААКнын башкы директору Данил Жумабаев, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Мухтар Шербаев, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышышты.

Бул ири инвестициялык долбоор президенттин Ат-Башы районунун эли менен болгон жолугушуусунда берилген тапшырманын негизинде жүзөгө ашырылууда. Заманбап агро борбор үрөндүк картошканы эл аралык талаптарга ылайык сактоо, сорттоо жана логистикалык кызматтарды көрсөтүү менен ата мекендик үрөнчүлүктү өнүктүрүүгө жана айыл чарба тармагына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. 

Долбоорду өз мөөнөтүндө баштоо үчүн Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан курулуш жүргүзүлүүчү жер тилкеси ыкчам бөлүнүп берилип, бардык керектүү архитектуралык жана уруксат берүүчү документтер кыска мөөнөттө даярдалды.

Аталган борбордун негизги максаты – Ат-Башыда өндүрүлгөн картошканы жана үрөндүк картошканы заманбап шартта сактоо менен анын сапатын жоготпой ички жана тышкы рынокторго, анын ичинде экспортко чыгарууга шарт түзүү.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек

Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек

Бүгүн, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган “Эгемендүүлүк доорунда Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференциянын ишине Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов, Азия илимдер академиясынын вице-президенти Акылбек Жапаров, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, жогорку

Ишкер Media
Контролдоо пункттарындагы төлөмдөр толугу менен санариптештирилди

Контролдоо пункттарындагы төлөмдөр толугу менен санариптештирилди

Өлкөдөгү контролдоо пункттарындагы абалды көзөмөлдөө жана төлөм жүргүзүү процесси автоматташтырылды. Учурда пункттардагы кырдаал 24/7 онлайн көзөмөлдөнүп турат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, бул система төлөмдөрдүн ачыктыгын камсыз кылып, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган. 2025-жылга чейин айдоочулар төлөмдөрдү кызматкерлер аркылуу жүргүзүп келишкен. Азыр

Ишкер Media
Улуттук банк Ноокенде финансылык сабаттуулук боюнча семинар өткөрдү

Улуттук банк Ноокенде финансылык сабаттуулук боюнча семинар өткөрдү

30-сентябрда Улуттук банктын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкерлери Ноокен районунда көчмө семинар уюштурушту. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, семинар социалдык жактан аялуу катмардагы жарандар - аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, мигранттар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн өткөрүлдү. Иш-чарада адистер жеке каражатка жоопкерчиликтүү

Ишкер Media
Бишкекте Борбордук Азиянын өнөр жайын өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөт

Бишкекте Борбордук Азиянын өнөр жайын өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөт

2026-жылдын 5-ноябрында Бишкекте Борбордук Азиядагы өнөр жай трансформациясы жана инвестиция тартуу маселелерине арналган Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча регионалдык форум өтөт. Иш-чараны Кыргызстандын Министрлер Кабинети жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюму (ЮНИДО) уюштурат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрилигинен кабарлашты. Форумга мамлекеттик органдардын, эл аралык

Ишкер Media