Бишкектеги оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан мектептер текшерилди

Бишкектеги оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан мектептер текшерилди

2-июлда Бишкек шаарынын мэринин орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу Рахат Мусаева Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин жетекчилиги, Октябрь райондук муниципалдык администрациясы, Капиталдык курулуш башкармалыгы, ошондой эле “Бишкекжашылкурулуш”, “Тазалык” жана “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканаларынын өкүлдөрү менен биргеликте 2026–2027-окуу жылына даярдык көрүүнүн алкагында борбор калаадагы билим берүү уюмдарында жүргүзүлүп жаткан оңдоо жана курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Октябрь районунда жайгашкан 10 билим берүү объектиси каралды. Капиталдык жана учурдагы оңдоо иштеринин, жаңы объектилердин курулушунун жана аймактарды көрктөндүрүү иштеринин аткарылышы текшерилди. Тактап айтканда, объектилерде имараттарды капиталдык оңдоо, чатырларды алмаштыруу, жылытуу, электр менен камсыздоо жана ички канализация системаларын оңдоо, санитардык түйүндөрдү жаңылоо, ашканаларды жана кир жуучу жайларды оңдоо, кошумча окуу корпусун куруу, балдар жана спорт аянтчаларын куруу, өрткө каршы тепкичтерди орнотуу, асфальт төшөө, сугат тармактарын жүргүзүү жана айлана-чөйрөнү комплекстүү көрктөндүрүү иштери аткарылууда.

Ошондой эле билим берүү уюмдарынын санитардык абалына, аймактарды көрктөндүрүүгө, жашыл бак-дарактарды сактоого, курулуш-монтаж иштеринин сапатына, бекитилген графиктердин сакталышына, объектилердин жаңы окуу жылына даярдыгына жана бала бакчалардын тарбиялануучулары менен мектеп окуучулары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга жана подряддык уюмдарга бардык пландалган иштерди өз мөөнөтүндө бүтүрүү жана аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек

Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек

Бүгүн, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган “Эгемендүүлүк доорунда Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференциянын ишине Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов, Азия илимдер академиясынын вице-президенти Акылбек Жапаров, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, жогорку

Ишкер Media
Контролдоо пункттарындагы төлөмдөр толугу менен санариптештирилди

Контролдоо пункттарындагы төлөмдөр толугу менен санариптештирилди

Өлкөдөгү контролдоо пункттарындагы абалды көзөмөлдөө жана төлөм жүргүзүү процесси автоматташтырылды. Учурда пункттардагы кырдаал 24/7 онлайн көзөмөлдөнүп турат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, бул система төлөмдөрдүн ачыктыгын камсыз кылып, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган. 2025-жылга чейин айдоочулар төлөмдөрдү кызматкерлер аркылуу жүргүзүп келишкен. Азыр

Ишкер Media
Улуттук банк Ноокенде финансылык сабаттуулук боюнча семинар өткөрдү

Улуттук банк Ноокенде финансылык сабаттуулук боюнча семинар өткөрдү

30-сентябрда Улуттук банктын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкерлери Ноокен районунда көчмө семинар уюштурушту. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, семинар социалдык жактан аялуу катмардагы жарандар - аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, мигранттар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн өткөрүлдү. Иш-чарада адистер жеке каражатка жоопкерчиликтүү

Ишкер Media
Бишкекте Борбордук Азиянын өнөр жайын өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөт

Бишкекте Борбордук Азиянын өнөр жайын өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөт

2026-жылдын 5-ноябрында Бишкекте Борбордук Азиядагы өнөр жай трансформациясы жана инвестиция тартуу маселелерине арналган Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча регионалдык форум өтөт. Иш-чараны Кыргызстандын Министрлер Кабинети жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюму (ЮНИДО) уюштурат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрилигинен кабарлашты. Форумга мамлекеттик органдардын, эл аралык

Ишкер Media