Токмок шаарында көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүлдү

Токмок шаарында көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүлдү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Токмок шаарындагы көмүр сатуу объекттериндеги бааларга мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Кече жана Миң-Куш кендеринен казылып алынган көмүрдүн чекене баасы тоннасына 6 200–6 500 сомду түзөт. Ошондой эле Шубаркөл кенинен казылып алынган көмүр да сатыкка коюлган.

Көмүр сатуучулардын маалыматына ылайык, жылытуу мезгилине карата көмүрдүн запасы жетиштүү көлөмдө бар.

Мониторинг учурунда калк арасында ажиотаждык суроо-талап жана кезек күтүү учурлары байкалган жок.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көмүр рыногундагы бааларга, көмүрдүн жеткиликтүүлүгүнө жана жетиштүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнү улантат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды