Караколдо ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
30-сентябрда Каракол шаардык прокуратурасы ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча профилактикалык иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалымдалгандай, иш-чара президенттин 2022-жылдын 7-декабрындагы №388 Жарлыгынын - "Ишкердик субъекттерине жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндө" - талаптарын камсыз кылуу максатында уюштурулду.
Негизги максат - ишкерлердин укуктарын коргоо, мыйзамсыз текшерүүлөрдүн алдын алуу жана көзөмөл органдарынын ишинде ачык-айкындуулукту камсыз кылуу.
Түшүндүрүү иштеринде ишкерлердин суроолоруна жооп берилип, мыйзам нормалары тууралуу маалымат берилди. Прокуратура мындай иш-чаралар туруктуу улантыларын билдирди.