Кыргызстанда күйүүчү майдын 1,5 айга жете турган кору бар
Кыргызстанда күйүүчү майдын 1-1,5 айга жете турган кору бар. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов 3-июлда “Биринчи радиоунун” эфиринде билдирди.
Анын айтымына караганда, Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе анын 95%ге жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, солярка, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат.
“Дүйнөдөгү саясий абалга, анын ичинде Орусиянын өзүндөгү кырдаалга байланыштуу биз да өзүбүздүн керектөөнү бир сыйра карап чыктык. Тыштан башка булактарды карап, ички өндүрүшкө басым кылып жатабыз. Күнүгө ички корду анализдеп, ташылып келаткан күйүүчү-майлоочу майдын көлөмүнө анализ кылып жатабыз”, - деди ал.
Белгилей кетсек, ушул тапта Орусияда мунай тартыштыгы орун алып, өлкө бензинди экспорттоого чектөө киргизген.