Лейлектин Мурас айылына таза суу берилди

Лейлектин Мурас айылына таза суу берилди

3-июлда, Баткен облусунун Лейлек районундагы Мурас айылында “Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында ичүүчү суу менен камсыздоо тутуму пайдаланууга берилди.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордун натыйжасында айылдагы 537 кожолукта жашаган 3 500гө жакын тургун сапаттуу жана коопсуз ичүүчү суу менен камсыз болду.

Оңдоп-түзөөгө чейин 2002-жылы курулган суу менен камсыздоо системасы эскирип, суу график боюнча гана берилчү. Жаңылоо иштеринин жыйынтыгында айыл тургундары сутка бою таза ичүүчү суу менен камсыз болуп, санитардык-гигиеналык шарттар жакшырды жана суу чарба инфраструктурасынын туруктуулугу жогорулады.

Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин директору Зарылбек Каратаев калкты сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, мындай долбоорлор айылдардын туруктуу өнүгүүсүнө жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөрүн айтты.

Долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жана Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин кызматташтыгында ишке ашырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек

Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек

Бүгүн, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган “Эгемендүүлүк доорунда Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференциянын ишине Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов, Азия илимдер академиясынын вице-президенти Акылбек Жапаров, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, жогорку

Ишкер Media
Контролдоо пункттарындагы төлөмдөр толугу менен санариптештирилди

Контролдоо пункттарындагы төлөмдөр толугу менен санариптештирилди

Өлкөдөгү контролдоо пункттарындагы абалды көзөмөлдөө жана төлөм жүргүзүү процесси автоматташтырылды. Учурда пункттардагы кырдаал 24/7 онлайн көзөмөлдөнүп турат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, бул система төлөмдөрдүн ачыктыгын камсыз кылып, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган. 2025-жылга чейин айдоочулар төлөмдөрдү кызматкерлер аркылуу жүргүзүп келишкен. Азыр

Ишкер Media
Улуттук банк Ноокенде финансылык сабаттуулук боюнча семинар өткөрдү

Улуттук банк Ноокенде финансылык сабаттуулук боюнча семинар өткөрдү

30-сентябрда Улуттук банктын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкерлери Ноокен районунда көчмө семинар уюштурушту. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, семинар социалдык жактан аялуу катмардагы жарандар - аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, мигранттар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн өткөрүлдү. Иш-чарада адистер жеке каражатка жоопкерчиликтүү

Ишкер Media
Бишкекте Борбордук Азиянын өнөр жайын өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөт

Бишкекте Борбордук Азиянын өнөр жайын өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөт

2026-жылдын 5-ноябрында Бишкекте Борбордук Азиядагы өнөр жай трансформациясы жана инвестиция тартуу маселелерине арналган Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча регионалдык форум өтөт. Иш-чараны Кыргызстандын Министрлер Кабинети жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюму (ЮНИДО) уюштурат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрилигинен кабарлашты. Форумга мамлекеттик органдардын, эл аралык

Ишкер Media