Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды
Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга жооп бербеген жарнак каражаттарын алып салуу, ошондой эле аларды ирээтке келтирүү иштерин жүргүздү.
Рейддин жүрүшүндө соода түйүндөрүнүн жана имараттардын сырткы бөлүгүндө жайгашкан көрнөк-жарнактар менен маалыматтык такталар мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайыктыгы боюнча текшерилди. Жыйынтыгында бир катар ишкерлерге мыйзам талаптарын аткаруу боюнча эскертүүлөр берилди. Мыйзам ченемдерин белгиленген мөөнөттө аткарбаган ишкерлерге карата административдик чаралар колдонулуп, жарнактары алынды.