Айыл чарба министрлигине тийиштүү кызматтарга 12 унаа тапшырылды

Айыл чарба министрлигине тийиштүү кызматтарга 12 унаа тапшырылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков министрликтин карамагындагы мекмелерге жана илимий мекемелерге жаңы кызматтык жеңил унаалардын ачкычтарын салтанаттуу түрдө тапшырды.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чара мамлекеттик мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлдү.

Жалпысынан 12 жаңы кызматтык автотранспорт Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматына, Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментине, "Асыл тукум жылкы чарбасынын мамлекеттик холдинги" мамлекеттик мекемесине, ошондой эле Кыргыз дыйканчылык, мал чарба жана жайыттар, ветеринардык жана ирригация илимий-изилдөө институттарына тапшырылды.

Министр белгилегендей, жаңы кызматтык унаалар аймактардагы кызматтык иш сапарларды ыкчам уюштурууга, көзөмөл жана мониторинг иштеринин сапатын жогорулатууга, ошондой эле илимий жана өндүрүштүк милдеттерди натыйжалуу аткарууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Биздин чет өлкөлөрдө эс алуубузга салыштырмалуу туристтер Кыргызстанда 1,9 эсе көп каражат коротушту

Биздин чет өлкөлөрдө эс алуубузга салыштырмалуу туристтер Кыргызстанда 1,9 эсе көп каражат коротушту

Кыргызстандыктар өздөрү чет өлкөлөрдө эс алуу үчүн короткон каражаттарга караганда туристтер республикабызда 1,9 эсеп көп каражат коротушту. Улуттук статистикалык комитеттин маалымдамасында ушундайча айтылат. Аталган комитеттин бидиргенине караганда, туристтердин Кыргызстанда короткон каражаттарынын көлөмү 528, 3 миллион долларды түздү. Бул 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын деңгээлинде. Биздин атуулдар чет өлкөлөрдө 284,

Ишкер Media
Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саламаттык сактоо министрлеринин 6-жыйыны өттү

Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саламаттык сактоо министрлеринин 6-жыйыны өттү

Бишкекте ТМУнун саламаттык сактоо министрлеринин 6-жыйыны болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, ага Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстандын саламаттык сактоо жетекчилери, ошондой эле ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев катышты. Жыйынга Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов модераторлук кылды. Жыйында дары-дармектин жеткиликтүүлүгү жана коопсуздугу, кадрдык

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия билим берүү тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Монголия билим берүү тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Бүгүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, министр билим берүүдөгү реформалар тууралуу маалымат берип, мектепке чейинки билим берүү, окуучуларга эрте кесиптик багыт берүү, кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга басым жасалып жатканын белгиледи. Реформалар

Ишкер Media
Ысык-Көл, Нарында 16 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Ысык-Көл, Нарында 16 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Транспорттук прокуратура Жер үстүндөгү жана суу транспорт департаментинин Ысык-Көл жана Нарын башкармалыктарында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалымдалгандай, текшерүүдө 2025-2026-жылдары чет элдик жүк ташуучу унааларга жол эрежесин бузганы үчүн айып пулдар мыйзамды одоно бузуу менен салынганы аныкталган. Жооптуу кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттеринен мамлекетке 16 млн 29

Ишкер Media