Чаткалда 36 киши кооптуу жайдан куткарылды

Чаткалда 36 киши кооптуу жайдан куткарылды

3-июлда Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагынын Чакмак-Суу айылынын Кара-Токой тилкесинде жайгашкан Кара-Токой суусундагы көпүрөнүн сол тарабындагы түркүгүн суу алып кетип, жайлоого баруучу жол убактылуу жабылган.

ӨКМдин маалыматына ылайык, окуя болгон жерге Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 3 куткаруучусу ыкчам нөөмөттүк унаа менен тартылып, ошондой эле 1 жүктөгүч техника ишке киргизилген. Кеч киргендигине байланыштуу көпүрөнү калыбына келтирүү иштери 4-июлда улантылган.

Жүргүзүлгөн куткаруу иштеринин жүрүшүндө куткаруучулар тарабынан асма көпүрө аркылуу жалпы 36 жаран коопсуз аймакка өткөрүлүп, өз багыттары боюнча жөнөп кетишти.

Алардын ичинен жетөө Россиянын, бирөө Казакстандын жана 28и Кыргызстандын жарандары болгон.
Ал эми Кыргызстандын 2 жараны өз унаасы менен суунун деңгээлинин төмөндөшүн күтүп жатышат.

Кырдаал тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө. Жарандарга жана туристтерге тоолуу аймактарда жана дарыяларга жакын жерлерде өзгөчө этият болуп, коопсуздук эрежелерин так сактоо сунушталат.

Мындан тышкары окуңуз

Биздин чет өлкөлөрдө эс алуубузга салыштырмалуу туристтер Кыргызстанда 1,9 эсе көп каражат коротушту

Биздин чет өлкөлөрдө эс алуубузга салыштырмалуу туристтер Кыргызстанда 1,9 эсе көп каражат коротушту

Кыргызстандыктар өздөрү чет өлкөлөрдө эс алуу үчүн короткон каражаттарга караганда туристтер республикабызда 1,9 эсеп көп каражат коротушту. Улуттук статистикалык комитеттин маалымдамасында ушундайча айтылат. Аталган комитеттин бидиргенине караганда, туристтердин Кыргызстанда короткон каражаттарынын көлөмү 528, 3 миллион долларды түздү. Бул 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын деңгээлинде. Биздин атуулдар чет өлкөлөрдө 284,

Ишкер Media
Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саламаттык сактоо министрлеринин 6-жыйыны өттү

Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саламаттык сактоо министрлеринин 6-жыйыны өттү

Бишкекте ТМУнун саламаттык сактоо министрлеринин 6-жыйыны болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, ага Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстандын саламаттык сактоо жетекчилери, ошондой эле ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев катышты. Жыйынга Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов модераторлук кылды. Жыйында дары-дармектин жеткиликтүүлүгү жана коопсуздугу, кадрдык

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия билим берүү тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Монголия билим берүү тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Бүгүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, министр билим берүүдөгү реформалар тууралуу маалымат берип, мектепке чейинки билим берүү, окуучуларга эрте кесиптик багыт берүү, кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга басым жасалып жатканын белгиледи. Реформалар

Ишкер Media
Ысык-Көл, Нарында 16 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Ысык-Көл, Нарында 16 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Транспорттук прокуратура Жер үстүндөгү жана суу транспорт департаментинин Ысык-Көл жана Нарын башкармалыктарында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалымдалгандай, текшерүүдө 2025-2026-жылдары чет элдик жүк ташуучу унааларга жол эрежесин бузганы үчүн айып пулдар мыйзамды одоно бузуу менен салынганы аныкталган. Жооптуу кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттеринен мамлекетке 16 млн 29

Ишкер Media