Мамлекетке келтирилген 2 млн сомдон ашык зыян кайтарылды

Мамлекетке келтирилген 2 млн сомдон ашык зыян кайтарылды

Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан 2025-жылдын жыйынтыгы менен коррупцияга каршы аракеттенүү багытында комплекстүү иштер жүргүзүлүп, мамлекеттик органдарда мыйзамдардын талаптарынын аткарылышына көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу Кочкор райондук прокуратурасы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 12 айында райондук прокуратура тарабынан жалпысынан 34 текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө 101 мыйзам бузуу аныкталды. Аларды четтетүү үчүн 10 сунуштама жана 5 талап келтирилип, 79 укук бузуу боюнча өндүрүш иши, ошондой эле 3 коррупциялык жана кызматтык кылмыш иши козголду.

Прокурордук чаралардын натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын орду толтурулуп, бюджетке 2 миллион 672 миң 377 сом акчалай каражат өндүрүлдү. Мындан сырткары, 100 миллион 809 миң 760 сомдук материалдык зыян накталайтүрүндө кайтарылды. Ошондой эле 34 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылып, 79 кызматкерге административдик айып салынды.

Жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөндөй, мыйзам бузуулардын басымдуу бөлүгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, аткаруу бийлигинин аймактык түзүмдөрүндө жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда катталган. Мындан тышкары, укук коргоо органдарында жана сот органдарынын аппаратында да коррупциялык мүнөздөгү мыйзам бузуулар аныкталган.
Бул багытта 17 текшерүү жүргүзүлүп, 79 мыйзам бузуу аныкталып, алардын ар бири боюнча укук бузуу жөнүндө өндүрүш иштери козголуп, күнөөлүү кызматкерлер административдик жоопкерчиликке тартылышты.

Ошондой эле коррупцияны алдын алуу жөнүндө мыйзамдын талаптарынын аткарылышына өзгөчө көңүл бурулуп, 6 текшерүүнүн жыйынтыгында 10 мыйзам бузуу аныкталды. Алар боюнча прокурордук чаралар көрүлүп, бир кылмыш иши козголду. Натыйжада мамлекетке дээрлик 101 миллион сомдон ашык материалдык зыян өндүрүлүп, 23 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылды.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Биздин чет өлкөлөрдө эс алуубузга салыштырмалуу туристтер Кыргызстанда 1,9 эсе көп каражат коротушту

Биздин чет өлкөлөрдө эс алуубузга салыштырмалуу туристтер Кыргызстанда 1,9 эсе көп каражат коротушту

Кыргызстандыктар өздөрү чет өлкөлөрдө эс алуу үчүн короткон каражаттарга караганда туристтер республикабызда 1,9 эсеп көп каражат коротушту. Улуттук статистикалык комитеттин маалымдамасында ушундайча айтылат. Аталган комитеттин бидиргенине караганда, туристтердин Кыргызстанда короткон каражаттарынын көлөмү 528, 3 миллион долларды түздү. Бул 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын деңгээлинде. Биздин атуулдар чет өлкөлөрдө 284,

Ишкер Media
Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саламаттык сактоо министрлеринин 6-жыйыны өттү

Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саламаттык сактоо министрлеринин 6-жыйыны өттү

Бишкекте ТМУнун саламаттык сактоо министрлеринин 6-жыйыны болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, ага Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстандын саламаттык сактоо жетекчилери, ошондой эле ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев катышты. Жыйынга Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов модераторлук кылды. Жыйында дары-дармектин жеткиликтүүлүгү жана коопсуздугу, кадрдык

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия билим берүү тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Монголия билим берүү тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Бүгүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, министр билим берүүдөгү реформалар тууралуу маалымат берип, мектепке чейинки билим берүү, окуучуларга эрте кесиптик багыт берүү, кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга басым жасалып жатканын белгиледи. Реформалар

Ишкер Media
Ысык-Көл, Нарында 16 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Ысык-Көл, Нарында 16 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Транспорттук прокуратура Жер үстүндөгү жана суу транспорт департаментинин Ысык-Көл жана Нарын башкармалыктарында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалымдалгандай, текшерүүдө 2025-2026-жылдары чет элдик жүк ташуучу унааларга жол эрежесин бузганы үчүн айып пулдар мыйзамды одоно бузуу менен салынганы аныкталган. Жооптуу кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттеринен мамлекетке 16 млн 29

Ишкер Media