Ошто 382 окуучунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экендиги аныкталды

Ошто 382 окуучунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экендиги аныкталды

Акыйкатчы Институтунун текшерүүсүнөн кийин Ош шаардык мэриясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясынын кезексиз жыйыны өтүп, анда атайын мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Акыйкатчы Институтунан билдиришти.

Белгилей кетсек, Акыйкатчынын Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматкерлери март-апрель айларында окуучулардын укуктарынын сакталышын текшерүү максатында үч шаардык мектепте мониторинг жүргүзүшкөн. 

Текшерүүнүн жыйынтыгында 382 окуучунун туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок экендиги аныкталган. Алардын ичинен 187 бала М. Турсунзаде атындагы №13 мектепте, 112 бала Х. Тажиматов атындагы №57 мектепте, дагы 83 бала “ВЛКСМ” мектебинде окушат. 

Алардын ичинен 92 окуучу 9-классты аяктап жаткандыктан, өздүгүн тастыктаган документтери жок болгондугуна байланыштуу негизги жалпы билим тууралуу күбөлүк ала албай калуу коркунучу бар болчу. 
Текшерүүнүн жүрүшүндө Билим берүү министрлиги документи жок окуучуларга убактылуу шарттуу персоналдык идентификациялык номер ыйгарып, автоматташтырылган маалыматтык тутумга каттаганы белгилүү болду. 

Мониторингдин жыйынтыгында Акыйкатчы институту Ош шаардык мэриясына, ошондой эле президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө документтештирүү маселесин тез арада чечүү жана балдардын укуктарын камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрүү боюнча сунуштарды жөнөттү. 

Мындан тышкары окуңуз

Биздин чет өлкөлөрдө эс алуубузга салыштырмалуу туристтер Кыргызстанда 1,9 эсе көп каражат коротушту

Биздин чет өлкөлөрдө эс алуубузга салыштырмалуу туристтер Кыргызстанда 1,9 эсе көп каражат коротушту

Кыргызстандыктар өздөрү чет өлкөлөрдө эс алуу үчүн короткон каражаттарга караганда туристтер республикабызда 1,9 эсеп көп каражат коротушту. Улуттук статистикалык комитеттин маалымдамасында ушундайча айтылат. Аталган комитеттин бидиргенине караганда, туристтердин Кыргызстанда короткон каражаттарынын көлөмү 528, 3 миллион долларды түздү. Бул 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын деңгээлинде. Биздин атуулдар чет өлкөлөрдө 284,

Ишкер Media
Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саламаттык сактоо министрлеринин 6-жыйыны өттү

Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саламаттык сактоо министрлеринин 6-жыйыны өттү

Бишкекте ТМУнун саламаттык сактоо министрлеринин 6-жыйыны болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, ага Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстандын саламаттык сактоо жетекчилери, ошондой эле ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев катышты. Жыйынга Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов модераторлук кылды. Жыйында дары-дармектин жеткиликтүүлүгү жана коопсуздугу, кадрдык

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия билим берүү тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Монголия билим берүү тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Бүгүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, министр билим берүүдөгү реформалар тууралуу маалымат берип, мектепке чейинки билим берүү, окуучуларга эрте кесиптик багыт берүү, кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга басым жасалып жатканын белгиледи. Реформалар

Ишкер Media
Ысык-Көл, Нарында 16 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Ысык-Көл, Нарында 16 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Транспорттук прокуратура Жер үстүндөгү жана суу транспорт департаментинин Ысык-Көл жана Нарын башкармалыктарында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалымдалгандай, текшерүүдө 2025-2026-жылдары чет элдик жүк ташуучу унааларга жол эрежесин бузганы үчүн айып пулдар мыйзамды одоно бузуу менен салынганы аныкталган. Жооптуу кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттеринен мамлекетке 16 млн 29

Ишкер Media