Чоң-Кемин дарыясынын жээгин суу жеп, бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө

Чоң-Кемин дарыясынын жээгин суу жеп, бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө

6-июлда Кемин районунун Чоң-Кемин айыл өкмөтүнө караштуу Шабдан айылынан агып өткөн Чоң-Кемин дарыясынын суусунун агымынын күчөшүнөн улам оң жээкти суу жеп, жээк эрозиясы пайда болгон. Натыйжада №32 жол тейлөө кызматынын карамагындагы Кемин – Шабдан унаа жолунун 41-чакырымында жайгашкан көпүрөгө коркунуч жаралган.

ӨКМдин маалыматына ылайык, учурда кырдаал толугу менен көзөмөлдө. Жеринде Суу коргоо кызматынан 1 экскаватор жана Чоң-Кемин айыл өкмөтүнөн 2 экскаватор тартылып, жээкти бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, 7-июлда №32 жол тейлөө кызматынан 1 автокран жана 1 “Хово” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа тартылып, жээкти бекемдөө үчүн чоң көлөмдөгү ФСК бетон блоктору жеткирилет.

Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Жумалиев, Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Белек Сакиев, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, Чолпонбек Боскунчиев, ошондой эле ӨКМдин Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин өкүлдөрү жана тиешелүү кызматтар тарабынан кырдаалга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүп, мындан аркы тобокелдиктерге баа берүү жана алдын алуу иш-чаралары аткарылууда.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жаңы программа сунушталууда

Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жаңы программа сунушталууда

Кыргызстанда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана финансылык маданиятын калыптандыруу боюнча 2027–2031-жылдарга жаңы программа кабыл алуу сунушталууда. Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документтин негизги максаты — жарандардын финансылык билимдерин жана көндүмдөрүн жакшыртуу, жоопкерчиликтүү финансылык жүрүм-турумду калыптандыруу, санариптик финансылык коопсуздукту күчөтүү жана негиздүү финансылык чечимдерди кабыл алуу

Ишкер Media
Абаны булгаган ишканадан 132 млн сом өндүрүлдү

Абаны булгаган ишканадан 132 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратура экологиялык мыйзамдардын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүп, милдеттүү төлөмдөрдүн көп жылдан бери төлөнбөй келгенин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, "А.О." ЖЧКсы 2021-2023-жылдары кыймылдуу булактардан атмосферага булгоочу заттарды чыгарганы үчүн төлөмдөрдү төлөбөй келген. Натыйжада бюджетке 132 млн сомдон ашык каражат

Ишкер Media
Кыргызстан кофени импорттоону 50 пайыздан ашыкка көбөйттү

Кыргызстан кофени импорттоону 50 пайыздан ашыкка көбөйттү

Кыргызстан 2026-жылы 9 ай ичинде 3 өлкөдөн 199,3 тонна кофе импорттоду. Бул өткөн жыл боюнча салыштырганда көп. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. Маалымдалгандай, 2025-жылы жыл ичинде импорттун көлөмү 131 тоннаны түзгөн, 2024-жылы болсо 117,8 тонна алынып келинген. Бул жылы 9 ай ичинде 2025-жылга караганда

Ишкер Media
Бишкекте 182 млн сомдук бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкекте 182 млн сомдук бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкектин Октябрь районунда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчанын имараты жана ага тиешелүү жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылып берилди. Бул тууралуу Башкы Прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Октябрь райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө Карасаев (Дружба) көчөсүндө жайгашкан бала бакчанын имараты жана жер тилкеси 1993-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке

Ишкер Media