Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат. Жол Куршабдагы тыгынды азайтуу жана жол коопсуздугун жогорулатуу үчүн салынат. Азыркы тапта, алдын ала схема даяр болуп, долбоордук-сметалык документтер иштелип жатат. Мамлекеттик экспертизадан өткөндөн кийин курулуш башталат.

Экинчи долбоор Кара-Суу районундагы Мады айылында 153,9 га өнөр жай аймагына Логистикалык борбор куруу. Учурда 153,9 га жер "өнөр жай" категориясына которулду. 6 га жерге арматура чыгаруучу заводдун курулушу башталды. Негизги тоскоолдук – ички жолдор, аларды куруу иштери башталды.

3- долбоор Курбан-Кара айылынан “Ынтымак” КППге чейинки жолду оңдоп-түзөө. Жаңы асфальт төшөө, тротуар жана лоток салуу, жарыктандыруу орнотуу. Бул жол «Ынтымак» чек ара пункту ишке киргенден кийин жүк жана жүргүнчү ташууну жеңилдетип, Кара-Суу районунун транспорттук мүмкүнчүлүгүн арттырат.

Бул долбоорлор Ош облусунун транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, социалдык-экономикалык өнүгүүгө зор салым кошот.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жаңы программа сунушталууда

Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жаңы программа сунушталууда

Кыргызстанда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана финансылык маданиятын калыптандыруу боюнча 2027–2031-жылдарга жаңы программа кабыл алуу сунушталууда. Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документтин негизги максаты — жарандардын финансылык билимдерин жана көндүмдөрүн жакшыртуу, жоопкерчиликтүү финансылык жүрүм-турумду калыптандыруу, санариптик финансылык коопсуздукту күчөтүү жана негиздүү финансылык чечимдерди кабыл алуу

Ишкер Media
Абаны булгаган ишканадан 132 млн сом өндүрүлдү

Абаны булгаган ишканадан 132 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратура экологиялык мыйзамдардын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүп, милдеттүү төлөмдөрдүн көп жылдан бери төлөнбөй келгенин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, "А.О." ЖЧКсы 2021-2023-жылдары кыймылдуу булактардан атмосферага булгоочу заттарды чыгарганы үчүн төлөмдөрдү төлөбөй келген. Натыйжада бюджетке 132 млн сомдон ашык каражат

Ишкер Media
Кыргызстан кофени импорттоону 50 пайыздан ашыкка көбөйттү

Кыргызстан кофени импорттоону 50 пайыздан ашыкка көбөйттү

Кыргызстан 2026-жылы 9 ай ичинде 3 өлкөдөн 199,3 тонна кофе импорттоду. Бул өткөн жыл боюнча салыштырганда көп. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. Маалымдалгандай, 2025-жылы жыл ичинде импорттун көлөмү 131 тоннаны түзгөн, 2024-жылы болсо 117,8 тонна алынып келинген. Бул жылы 9 ай ичинде 2025-жылга караганда

Ишкер Media
Бишкекте 182 млн сомдук бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкекте 182 млн сомдук бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкектин Октябрь районунда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчанын имараты жана ага тиешелүү жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылып берилди. Бул тууралуу Башкы Прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Октябрь райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө Карасаев (Дружба) көчөсүндө жайгашкан бала бакчанын имараты жана жер тилкеси 1993-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке

Ишкер Media