Бир катар мамлекеттик кызматкерлер сыйланышты

Бир катар мамлекеттик кызматкерлер сыйланышты

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кесиптик майрамдарга байланыштуу Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын жана Министрлер Кабинетинин төрагасынын атынан алкыштарды тапшырды.

Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүнө байланыштуу бир катар кызматкерлерге Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын жана өзүнүн атынан алкыштарды тапшырды.

Ошондой эле, өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга багытталган иш-чараларды аткарууга кошкон чоң салымы, кызматтык милдеттерин аткаруудагы жетишкендиктери үчүн, Куткаруу кызматынын кызматкерлеринин күнүнө байланыштуу бул тармактын кызматкерлерине Министрлер Кабинетинин сыйлыктары тапшырылды. 

Мындан тышкары сыйлыктар, жарандык авиация чөйрөсүн өнүктүрүүгө, Европа бирлигинин авиациялык коопсуздук тизмесинен чыгаруу боюнча маселени чечүүгө кошкон салымы жана авиациялык коопсуздуктун эл аралык стандарттарын ийгиликтүү ишке ашыргандыгы үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлерине ыйгарылды. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген