Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жер титирөө катталды

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жер титирөө катталды

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, кечээ кечинде Кыргызстанда эки жер титирөө болду.

Маалыматтарга ылайык, биринчи жер титирөө 8-июлда саат 1:54тө катталып, анын күчү 4 баллды түзгөн. Жер титирөөнүн эпицентри Тоскоол айылынан түштүк-батышка 7 чакырым, Майлуу-Суу шаарынан түштүк-чыгышка 22 чакырым жана Манас шаарынан түндүк-батышка 35 чакырым алыстыкта болгон.

Тоскоол, Кара-Булак, Гелеген айылдарында жер титирөөнүн күчү 4 баллга жеткен. Эски-Массы, Алма, Кызыл-Октябрь, Массы, Совет айылдарында 3,5 балл;

Майлуу-Суу шаарында жана Базар-Коргон, Кочкор-Ата, Үч-Булак айылдарында 3 балл; Ал эми Арсланбап, Жай-Терек, Манас айылдарында 2,5 балл болгон.

Сейсмологдор да бүгүн саат 4:42де болгон экинчи жер титирөөнү катташты. Анын интенсивдүүлүгү 4,5 баллды түздү.
Жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында жайгашкан Кара-Тейит айылынан 40 чакырым түштүк-батышта жана Баткен шаарынан 110 чакырым түштүк-чыгышта.

Жер титирөөнүн күчү Кыргызстандын Кара-Тейит жана Карамык айылдарында 3 баллга, Шибээ жана Кулчу айылдарында 2,5 баллга жеткен.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жаңы программа сунушталууда

Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жаңы программа сунушталууда

Кыргызстанда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана финансылык маданиятын калыптандыруу боюнча 2027–2031-жылдарга жаңы программа кабыл алуу сунушталууда. Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документтин негизги максаты — жарандардын финансылык билимдерин жана көндүмдөрүн жакшыртуу, жоопкерчиликтүү финансылык жүрүм-турумду калыптандыруу, санариптик финансылык коопсуздукту күчөтүү жана негиздүү финансылык чечимдерди кабыл алуу

Ишкер Media
Абаны булгаган ишканадан 132 млн сом өндүрүлдү

Абаны булгаган ишканадан 132 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратура экологиялык мыйзамдардын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүп, милдеттүү төлөмдөрдүн көп жылдан бери төлөнбөй келгенин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, "А.О." ЖЧКсы 2021-2023-жылдары кыймылдуу булактардан атмосферага булгоочу заттарды чыгарганы үчүн төлөмдөрдү төлөбөй келген. Натыйжада бюджетке 132 млн сомдон ашык каражат

Ишкер Media
Кыргызстан кофени импорттоону 50 пайыздан ашыкка көбөйттү

Кыргызстан кофени импорттоону 50 пайыздан ашыкка көбөйттү

Кыргызстан 2026-жылы 9 ай ичинде 3 өлкөдөн 199,3 тонна кофе импорттоду. Бул өткөн жыл боюнча салыштырганда көп. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. Маалымдалгандай, 2025-жылы жыл ичинде импорттун көлөмү 131 тоннаны түзгөн, 2024-жылы болсо 117,8 тонна алынып келинген. Бул жылы 9 ай ичинде 2025-жылга караганда

Ишкер Media
Бишкекте 182 млн сомдук бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкекте 182 млн сомдук бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкектин Октябрь районунда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчанын имараты жана ага тиешелүү жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылып берилди. Бул тууралуу Башкы Прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Октябрь райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө Карасаев (Дружба) көчөсүндө жайгашкан бала бакчанын имараты жана жер тилкеси 1993-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке

Ишкер Media