Бишкектеги курулуштагы өрттөн кийин компанияга 200 миң сом айып салынды

Бишкектеги курулуштагы өрттөн кийин компанияга 200 миң сом айып салынды

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу турак жайдын курулушунда чыккан өрттөн кийин курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя күн мурун саат 10:30 чамасында Фучик көчөсү, 38 дарегинде жайгашкан 12 кабаттуу турак жайдын курулуш аянтчасында болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, имараттын сегизинчи кабатында ширетүү иштери жүргүзүлүп жаткан учурда 5 литрлик эриткич (уайт-спирт) күйүп кеткен. Өрт өз убагында өчүрүлүп, жабыркагандар катталган эмес.

Окуядан кийин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери текшерүү жүргүзүп, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Приемум Хоум" ЖЧКсына курулуш аянтчасындагы коопсуздук талаптарын күчөтүү жана өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактоо боюнча эскертүү беришти.

Мындан тышкары, мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн компанияга протокол түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Манас шаарында 500 орундуу мектеп ачылды

Кыргызстанда өнөр жайды өнүктүрүү маселелери талкууланды

Өлкөдө 1 жылда 304,9 миң жаран насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды

Жыл башынан бери абаны булгаган унааларга 8,1 млн сом айып салынды

Жалал-Абадда 1 977 үй-бүлө ипотекалык батирлүү болду