Кыргызстанда калктын саны 7,4 миллионго жетти

Кыргызстанда калктын саны 7,4 миллионго жетти

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын башына карата Кыргызстандын калкынын саны 7 миллион 404 миң адамга жетти. Шаар калкынын үлүшү өсүп, 42,3%ды, ал эми айыл калкы 57,7%ды түздү.

 2025-жылы өлкөдө калктын өсүү темпи 1,7% деңгээлинде сакталган. Эң жогорку өсүш Бишкек шаарында (2,8%), Ош шаарында (2,6%) жана Баткен облусунда (1,8%) катталса, эң төмөнкү көрсөткүч Ысык-Көл (0,8%) жана Нарын (0,4%) облустарында болгон.

Билдирүүгө караганда, өлкөдө аялдардын саны эркектерге салыштырмалуу бир аз көп. Тактап айтканда, аялдар – 3 млн 740 миң (50,5%), ал эми эркектер – 3 млн 664 миң (49,5%). Бирок Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Талас облустарында эркектердин саны көбүрөөк.

 2025-жылы Кыргызстанда 140,5 миң ымыркай төрөлгөн. Бул көрсөткүч 2021-жылдагы 150,2 миң төрөткө салыштырмалуу төмөн. Төрөлгөн балдардын 51%ы уулдар, 49%ы кыздар болгон.

Ошондой эле энелердин орточо жашы 28,5 жашка жетип, акыркы жылдары жогорулаганы байкалууда. Эң жаш энелер Ош облусунда жашайт, алардын орточо жашы 27,9 жаш.  Өспүрүм кыздардын төрөт көрсөткүчү да азайган. 15–17 жаштагы кыздар арасында төрөт деңгээли 2021-жылдагы ар миң кызга 3,5 төрөттөн, 2025-жылы 1,9 төрөткө чейин төмөндөдү.

 Ал эми жалпы төрөт коэффициенти 2025-жылы 1000 калкка 19,1 төрөлүүнү түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 12,9%га азайган. Бул көрсөткүч эң жогору Баткен (23,4), Ош (22,1), Жалал-Абад (21,7) жана Нарын (20,8) облустарында катталган.

 2025-жылы аймактар боюнча төрөлгөндөрдүн саны (калктын 1000 адамына карата, промилле менен):  

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда Каспийдеги окуядан кийин коргоо министри алмаштырылды

Казакстанда Каспийдеги окуядан кийин коргоо министри алмаштырылды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Каспий деңизинде аскердик машыгуу учурунда каза болгон 14 аскер кызматкерин каза болгондон кийин мамлекеттик сыйлык менен сыйлады. Аларга Бауыржан Момышулы атындагы "Айбын" орденинин II даражасы ыйгарылды. Мындан тышкары, окуядан аман калган үч аскер кызматкери да мамлекеттик сыйлыкка татыды. Эске салсак, каргашалуу окуя 24-

Ишкер Media
Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Министрликтерде жана мекемелерде коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында КРнын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун Ноокен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 100гө жакын айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кызматкерлер ортомчулар менен алдын ала сүйлөшүп алып,

Ишкер Media
Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

26-сентябрда Японияда өтүп жаткан ХХ Азия оюндарында Кыргызстандын намысын коргогон сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү мекенге кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Спортсмендерди “Манас” Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев жана

Ишкер Media
Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайын айылынын түштүгүндөгү Шырдакбектин сайы участкасында жээкти бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Райондук администрациядан билдиришти. Максаты - эрозияны токтотуп, 15 турак жайды коргоо. Ишти КР ӨКМге караштуу Баткен көчмө механизациялаштырылган отряды аткарууда. Райондук администрация билдиргендей, дамбанын жалпы узундугу 380 метр. Анын 47 метри таш

Ишкер Media