Эмгек министрлигине "Пикир" системасы аркылуу 2,9 миңден ашык кайрылуу түштү
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында "Пикир" кайтарым байланыш маалыматтык системасын колдонуу ишин улантууда.
Министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-июлуна карата система аркылуу жалпысынан 2 904 пикир жана сунуш кабыл алынган. Алардын 116сы министрликтин борбордук аппаратынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болгон.
Жарандар QR-код аркылуу министрликтин, анын аймактык башкармалыктарынын жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишине баа берип, сунуштарын жана сын-пикирлерин калтыра алышат.
Министрлик белгилегендей, "Пикир" системасы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгын, айкындуулугун жана сапатын жогорулатууга, ошондой эле жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүүгө жардам берет.