Ысык-Көлдөн 20 килограмм таштанды чыгарылды
4-ноябрда Ысык-Көл облусунда суу биоресурстарын коргоо боюнча рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинен кабарлады.
Иш-чараны Жаратылыш министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери Тору-Айгыр жана Тамчы айылдарынын акваторияларында жүргүзүштү.
Маалыматка караганда, рейддин жүрүшүндө көлдөн узундугу 1500 метр эски синтетикалык балык уулоочу торлор жана 20 килограмм таштанды чыгарылды.
Белгилей кетсек, көлдө калган эски синтетикалык торлор суу жаныбарлары жана балыктар үчүн коркунуч жаратып, суу экосистемасына терс таасирин тийгизет.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу