Чуңкурчактагы "Супара-2" этнокомплексинде өрт чыгып, ашкана жана жыгач боз үй күйдү
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда жайгашкан "Супара-2" этнокомплексинде өрт чыгып, ашкананын 350–400 чарчы метрин жана жыгач боз үйдү каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт 4-ноябрда саат 21:52 чамасында тутанган. Алдын ала маалымат боюнча, тилсиз жоо ашкананын мешинин морунан чыккан. Өрттү өчүрүүгө төрт бөлүм тартылып, үч өрт өчүрүүчү унаа иштеген. Ошондой эле тез жардам кызматы чакырылган. Өрт түнкү саат 01:15 чамасында чектөөгө алынган.
Кырсык учурунда ашканада эч ким болгон эмес. Ал жерде жалпысынан 15 ашпозчу иштээри маалымдалды.
Өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн соттук-өрт-техникалык экспертиза дайындалды. Учурда милиция тергөө иштерин жүргүзүүдө.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу