Ноокенде сел жүрүп  466 турак жайды, 4 тамактануучу жайды суу каптады

Ноокенде сел жүрүп  466 турак жайды, 4 тамактануучу жайды суу каптады

Ноокен району боюнча нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел 466 турак үйдүн короосун каптап, анын ичинен 80 турак үйдүн ичине кирген. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4 коомдук тамактануучу жай, 1 мечит, 5 унаа оңдоочу жай, 2 унаа жуучу жай жана 1 бала бакчанын короосу сел сууларынан жабыркаган.

Кесепеттерди жоюу жана аймактарды тазалоо иштерине райондук жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 350 адам, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 101 куткаруучу тартылды. 

Ошондой эле 22 оор инженердик техника иш алып барып, турак жайлардын, көчөлөрдүн жана социалдык объектилердин аймагын сел калдыктарынан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Манас шаарында жаңы завод ачылды

Ленин акимчилигинда 863 жарандын арызы каралды

Кыргызстандагы 31 тигүү ишканасы экспорттук акселератордон өттү

Айыл чарба министри өнөр жайды өнүктүрүү боюнча форумга катышты

DemirBank "Пайыздык чениңди өзүң танда" акциясын 16-ноябрга чейин узартат