Кырчында коопсуздук чаралары жана экологиялык көзөмөл күчөтүлдү

Кырчында коопсуздук чаралары жана экологиялык көзөмөл күчөтүлдү

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов Кырчын жайлоосуна барып, жайкы туристтик мезгил учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди көзөмөлдөдү.

Облустук милициянын маалыматына караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө коомдук тартипти сактоо, укук бузуулардын алдын алуу жана туристтерге сапаттуу тейлөө көрсөтүү боюнча тапшырмалар берилди.

Ошондой эле жыйында Кырчын жайлоосунун жаратылышын коргоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Жашыл шиберди унаалардын тебелөөсүнө жол бербөө үчүн жол жээктерине атайын эскертүүчү белгилер орнотулду.
Мындан сырткары, Туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери эс алуучулар арасында өрт коопсуздугун сактоо жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Милиция жашыл шиберге унаа менен кирген жарандарга мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрүн эскертти.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө 9 айда 685,4 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү

Өлкөдө 9 айда 685,4 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү

Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтары боюнча, 2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын өнөр жай ишканалары тарабынан 685,4 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү. Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,0%га көп. Өндүрүштүн өсүшү төмөнкү тармактарда белгиленди: * Тамак-аш азыктары жана тамеки продукциялары

Ишкер Media
Ысык-Көлдө 112,8 миң акылдуу электр эсептегич орнотулду

Ысык-Көлдө 112,8 миң акылдуу электр эсептегич орнотулду

Ысык-Көл облусунда жеке тиричилик керектөөчүлөрүнө акылдуу электр эсептегичтерди орнотуу иштери 91%га аткарылды. Учурда 112 800 эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Ысык-Көл электр тармагы ишканасынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, облус боюнча жалпысынан 124 274 акылдуу эсептегич орнотуу пландалган. Азырынча анын 11 474ү орнотула элек. Учурда эсептегичтерди орнотуу иштери уланууда. Ноябрь

Ишкер Media
Жээнбек Кулубаев Boeing компаниясынын жетекчиси менен авиациянын келечегин талкуулады

Жээнбек Кулубаев Boeing компаниясынын жетекчиси менен авиациянын келечегин талкуулады

Кече Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Самарканд шаарында "Борбордук Азия – АКШ" ("С5+1") форматындагы министрлер жолугушуусунун алкагында Boeing корпорациясынын эл аралык операциялар жана саясат боюнча вице-президенти Майк Шнабель менен жолугушуу өткөрдү. Бур тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жарандык

Ишкер Media
Тогуз-Торо районунун 90 жылдыгы белгиленип, 90 иш-чара өткөрүлдү

Тогуз-Торо районунун 90 жылдыгы белгиленип, 90 иш-чара өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Мааракеге карата райондо жалпысынан 90 иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу облустун мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Салтанатка Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана район тургундары катышты. Мааракенин жүрүшүндө,

Ишкер Media