Үч-Коргон суу сактагычы 817 гектар жаңы жерди сугатка кошууга шарт түзөт

Үч-Коргон суу сактагычы 817 гектар жаңы жерди сугатка кошууга шарт түзөт

Суу ресурстары кызматынын директору Алмаз Жээналиев Ысык-Көл облусунун Тоң районуна иш сапары менен барып, Үч-Коргон суу сактагычынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, долбоор Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен ишке ашырылууда. Анын алкагында көлөмү 4,3 млн куб метр болгон сезондук жөнгө салуу бассейни курулат.

Долбоор ишке берилгенден кийин 817 гектар жаңы жер өздөштүрүлүп, 4113 гектар сугат жердин суу менен камсыз болушу жакшырат. Ошондой эле Тоң дарыясынын суусун натыйжалуу пайдаланууга жана дыйкандарды туруктуу сугат суу менен камсыздоого шарт түзүлөт.

Иш сапарынын жүрүшүндө Алмаз Жээналиев курулуш иштеринин сапатына жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүшүнө көңүл буруп, тиешелүү тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө 9 айда 685,4 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү

Өлкөдө 9 айда 685,4 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү

Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтары боюнча, 2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын өнөр жай ишканалары тарабынан 685,4 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү. Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,0%га көп. Өндүрүштүн өсүшү төмөнкү тармактарда белгиленди: * Тамак-аш азыктары жана тамеки продукциялары

Ишкер Media
Ысык-Көлдө 112,8 миң акылдуу электр эсептегич орнотулду

Ысык-Көлдө 112,8 миң акылдуу электр эсептегич орнотулду

Ысык-Көл облусунда жеке тиричилик керектөөчүлөрүнө акылдуу электр эсептегичтерди орнотуу иштери 91%га аткарылды. Учурда 112 800 эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Ысык-Көл электр тармагы ишканасынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, облус боюнча жалпысынан 124 274 акылдуу эсептегич орнотуу пландалган. Азырынча анын 11 474ү орнотула элек. Учурда эсептегичтерди орнотуу иштери уланууда. Ноябрь

Ишкер Media
Жээнбек Кулубаев Boeing компаниясынын жетекчиси менен авиациянын келечегин талкуулады

Жээнбек Кулубаев Boeing компаниясынын жетекчиси менен авиациянын келечегин талкуулады

Кече Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Самарканд шаарында "Борбордук Азия – АКШ" ("С5+1") форматындагы министрлер жолугушуусунун алкагында Boeing корпорациясынын эл аралык операциялар жана саясат боюнча вице-президенти Майк Шнабель менен жолугушуу өткөрдү. Бур тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жарандык

Ишкер Media
Тогуз-Торо районунун 90 жылдыгы белгиленип, 90 иш-чара өткөрүлдү

Тогуз-Торо районунун 90 жылдыгы белгиленип, 90 иш-чара өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Мааракеге карата райондо жалпысынан 90 иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу облустун мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Салтанатка Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана район тургундары катышты. Мааракенин жүрүшүндө,

Ишкер Media