Баткендеги Маргун суу сактагычында 220 миң куб метр суу топтолду

Баткендеги Маргун суу сактагычында 220 миң куб метр суу топтолду

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев Лейлек жана Баткен райондорундагы сугат тутумдарынын, ошондой эле курулуп жаткан социалдык жана өндүрүштүк объекттердин абалы менен жеринде таанышты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, иш-сапардын жүрүшүндө Лейлек районундагы Кең-Талаа айыл аймагында жайгашкан Дашравад насостук станциясынын иши текшерилди. Учурда станцияда эки агрегат үзгүлтүксүз иштеп, секундасына 500 литр суу берүүдө, дагы бир агрегат кезекте турат.

Андан соң Жаңы-Жер айыл аймагындагы "Арка" насостук станциясындагы абал каралып, эки агрегат аркылуу дыйкандарга секундасына 2 куб метр суу жеткирилип жатканы маалым болду. Зарыл учурда үчүнчү агрегатты ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү бар.

Мындан тышкары, Кең-Талаа айыл аймагындагы Маргун суу сактагычынын абалы текшерилип, учурда анда 220 миң куб метр суу топтолгону белгиленди.

Ошондой эле Баткен районунун Самаркандек айылында курулуп жаткан бала бакча менен соода борборунун курулушу көзөмөлдөнүп, иштерди сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүтүрүү тапшырмасы берилди.

Жыйынтыгында Ак-Татыр каналы жана Ак-Сай насостук станциясы аркылуу сугат мезгилинде дыйкандарды суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо милдети коюлду.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдө 112,8 миң акылдуу электр эсептегич орнотулду

Ысык-Көлдө 112,8 миң акылдуу электр эсептегич орнотулду

Ысык-Көл облусунда жеке тиричилик керектөөчүлөрүнө акылдуу электр эсептегичтерди орнотуу иштери 91%га аткарылды. Учурда 112 800 эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Ысык-Көл электр тармагы ишканасынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, облус боюнча жалпысынан 124 274 акылдуу эсептегич орнотуу пландалган. Азырынча анын 11 474ү орнотула элек. Учурда эсептегичтерди орнотуу иштери уланууда. Ноябрь

Ишкер Media
Жээнбек Кулубаев Boeing компаниясынын жетекчиси менен авиациянын келечегин талкуулады

Жээнбек Кулубаев Boeing компаниясынын жетекчиси менен авиациянын келечегин талкуулады

Кече Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Самарканд шаарында "Борбордук Азия – АКШ" ("С5+1") форматындагы министрлер жолугушуусунун алкагында Boeing корпорациясынын эл аралык операциялар жана саясат боюнча вице-президенти Майк Шнабель менен жолугушуу өткөрдү. Бур тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жарандык

Ишкер Media
Тогуз-Торо районунун 90 жылдыгы белгиленип, 90 иш-чара өткөрүлдү

Тогуз-Торо районунун 90 жылдыгы белгиленип, 90 иш-чара өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Мааракеге карата райондо жалпысынан 90 иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу облустун мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Салтанатка Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана район тургундары катышты. Мааракенин жүрүшүндө,

Ишкер Media
Бишкекте ракты дарылоочу клиниканы куруу демилгеси талкууланды

Бишкекте ракты дарылоочу клиниканы куруу демилгеси талкууланды

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров James Cubitt & Partners эл аралык компаниясынын төрагасы Суадад Сумайдаи жана компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу 19-октябрда мекемеден билдиришти. Анда инвестициялык кызматташтыктын багыттары, чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу жана Кыргызстанда келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. "Биз эл аралык

Ишкер Media