Бишкекте кыш заводунан чыккан кара түтүн боюнча текшерүү жүргүзүлдү

Бишкекте кыш заводунан чыккан кара түтүн боюнча текшерүү жүргүзүлдү

Бишкектин "Алтын казык" конушунда жайгашкан кыш заводунан чыккан кара түтүн боюнча социалдык тармактарда тараган видеого байланыштуу тиешелүү органдар текшерүү жүргүзүштү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Экологиялык мониторинг департаменти жана Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы заводдун аймагын карап чыгышты.

Белгиленгендей, 17-июлда саат 04:00 чамасында ишкананын жетекчилигинин макулдугу менен ишкана толук текшерилип, атмосфералык абадан лабораториялык изилдөө үчүн үлгүлөр алынды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө заводдун аймагында синтетикалык каражаттарды, желим калдыктарын же тиричилик таштандыларын жагуу фактылары аныкталган жок.

Атмосфералык абадан алынган үлгүлөрдүн лабораториялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы кийинчерээк маалымдалары айтылды.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Манас шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Манас шаарында жергиликтүү бийлик менен жеке ишкер Жыргалбек Келдибековдун биргелешкен демилгеси менен калкка жеткиликтүү баада эт жана эт азыктарын саткан муниципалдык дүкөн ишке кирди. Калаа жетекчилигинин басма сөз кызматы билдиргендей, дүкөндө мал жана тай этинин килограммы 770 сомдон сатылууда. Ошондой эле чучук — 1000 сом, бал — 800 сом, бышкан чучук — 1650

Өзгөндө жаңы окуу жылына карата 150 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Өзгөндө жаңы окуу жылына карата 150 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Ош облусунун Өзгөн районундагы Кара-Тарык айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулуп, 2026-2027-жаңы окуу жылынын башталышы менен пайдаланууга берилди. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуштун жалпы наркы 109 миллион сомду түздү. Эки кабаттуу мектептин жалпы аянты 1281 чарчы

Кыргыз-армян инновациялык өнөктөштүгү жаңы багыттар менен толукталат

Кыргыз-армян инновациялык өнөктөштүгү жаңы багыттар менен толукталат

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова Армениянын Билим берүү, илим, маданият жана спорт министри Жанна Андреасян менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Тараптар кыргыз-армян кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Анда академиялык мобилдүүлүк, биргелешкен билим берүү программалары, илимий изилдөөлөр жана инновациялык долбоорлорго өзгөчө

Кыргызстан менен Пакистан ишкерлер үчүн кызматташтык аянтчасын түздү

Кыргызстан менен Пакистан ишкерлер үчүн кызматташтык аянтчасын түздү

Бишкекте Кыргызстан менен Пакистандын Ишкерлер кеңешинин биринчи жыйыны өтүп, анда эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Соода-өнөр жай палатасынын маалыматына ылайык, жыйында логистика, айыл чарба, адал индустрия, текстиль жана дары-дармек тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Ошондой эле тараптар транспорттук байланыштарды жакшыртуу, бажы жол-