Бишкектин тургундары жол, суу жана жер маселелерин көтөрүштү

Бишкектин тургундары жол, суу жана жер маселелерин көтөрүштү

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Ак-Ордо", "Ала-Тоо" жана "Арча-Бешик" конуштарынын тургундары менен жолугуп, аймактардагы негизги көйгөйлөрдү талкуулады.

Жолугушууда тургундар суу жана канализация тармактарын куруу, жаратылыш газын жеткирүү, жолдорду асфальттоо, коомдук транспортту жакшыртуу, социалдык объектилерди өнүктүрүү жана жер маселелери боюнча сунуштарын айтышты.

Мэр шаардагы бардык жаңы конуштар үчүн быйыл суу менен камсыздоо жана канализация системаларынын долбоорлору даярдалып, ишке ашырыла турганын билдирди.

Ошондой эле Жунушалиев "Ала-Тоо" конушундагы талаштуу жер тилкесин жеринен көрүп, тиешелүү кызматтарга мыйзамдуу чечимдерди иштеп чыгуу жана жолду ачуу боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, "Арча-Бешик" конушунда жер маселелери жана бала бакча курууга бөлүнгөн жер тилкеси каралып, тиешелүү кызматтарга маселени чечүү боюнча тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдө 112,8 миң акылдуу электр эсептегич орнотулду

Ысык-Көлдө 112,8 миң акылдуу электр эсептегич орнотулду

Ысык-Көл облусунда жеке тиричилик керектөөчүлөрүнө акылдуу электр эсептегичтерди орнотуу иштери 91%га аткарылды. Учурда 112 800 эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Ысык-Көл электр тармагы ишканасынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, облус боюнча жалпысынан 124 274 акылдуу эсептегич орнотуу пландалган. Азырынча анын 11 474ү орнотула элек. Учурда эсептегичтерди орнотуу иштери уланууда. Ноябрь

Ишкер Media
Жээнбек Кулубаев Boeing компаниясынын жетекчиси менен авиациянын келечегин талкуулады

Жээнбек Кулубаев Boeing компаниясынын жетекчиси менен авиациянын келечегин талкуулады

Кече Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Самарканд шаарында "Борбордук Азия – АКШ" ("С5+1") форматындагы министрлер жолугушуусунун алкагында Boeing корпорациясынын эл аралык операциялар жана саясат боюнча вице-президенти Майк Шнабель менен жолугушуу өткөрдү. Бур тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жарандык

Ишкер Media
Тогуз-Торо районунун 90 жылдыгы белгиленип, 90 иш-чара өткөрүлдү

Тогуз-Торо районунун 90 жылдыгы белгиленип, 90 иш-чара өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Мааракеге карата райондо жалпысынан 90 иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу облустун мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Салтанатка Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана район тургундары катышты. Мааракенин жүрүшүндө,

Ишкер Media
Бишкекте ракты дарылоочу клиниканы куруу демилгеси талкууланды

Бишкекте ракты дарылоочу клиниканы куруу демилгеси талкууланды

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров James Cubitt & Partners эл аралык компаниясынын төрагасы Суадад Сумайдаи жана компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу 19-октябрда мекемеден билдиришти. Анда инвестициялык кызматташтыктын багыттары, чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу жана Кыргызстанда келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. "Биз эл аралык

Ишкер Media