Быйыл майыптыкты аныктоо боюнча күбөлөндүрүүдөн 21 миң 839 адам өттү

Быйыл майыптыкты аныктоо боюнча күбөлөндүрүүдөн 21 миң 839 адам өттү

Жыл башынан бери майыптыкты аныктоо боюнча медико-социалдык эксперттик комиссиядан (МСЭК) 21 миң 839 жаран өттү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2%га же 438 адамга көп.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, МСЭК тутумун өркүндөтүү, кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана майыптыкты аныктоо жол-жоболорун жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Быйылкы жылы аталган тутумга бир катар өзгөртүүлөр киргизилип, документ алуу жөнөкөй болуп, саны алтыдан экиге чейин кыскарды. Кызматтар "Түндүк" электрондук тиркемесине жайгаштырылды.

Санариптештирүүнүн натыйжасында жарандар майыптык тууралуу маалымкатты жана жеке реабилитациялоо (абилитациялоо) программасын онлайн түрүндө ала алышат.

Ошондой эле жыл башынан бери майыптыгы бар 20 506 жаран катталды. Алардын ичинен 5 276 адамга майыптык биринчи жолу белгиленсе, 15 230 адамга кайрадан аныкталды.

Мындан тышкары, 20 862 жаранга жашоо шартын жакшыртууга жана коомго аралашуусуна багытталган программалар иштелип чыкты.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдө 112,8 миң акылдуу электр эсептегич орнотулду

Ысык-Көлдө 112,8 миң акылдуу электр эсептегич орнотулду

Ысык-Көл облусунда жеке тиричилик керектөөчүлөрүнө акылдуу электр эсептегичтерди орнотуу иштери 91%га аткарылды. Учурда 112 800 эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Ысык-Көл электр тармагы ишканасынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, облус боюнча жалпысынан 124 274 акылдуу эсептегич орнотуу пландалган. Азырынча анын 11 474ү орнотула элек. Учурда эсептегичтерди орнотуу иштери уланууда. Ноябрь

Ишкер Media
Жээнбек Кулубаев Boeing компаниясынын жетекчиси менен авиациянын келечегин талкуулады

Жээнбек Кулубаев Boeing компаниясынын жетекчиси менен авиациянын келечегин талкуулады

Кече Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Самарканд шаарында "Борбордук Азия – АКШ" ("С5+1") форматындагы министрлер жолугушуусунун алкагында Boeing корпорациясынын эл аралык операциялар жана саясат боюнча вице-президенти Майк Шнабель менен жолугушуу өткөрдү. Бур тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жарандык

Ишкер Media
Тогуз-Торо районунун 90 жылдыгы белгиленип, 90 иш-чара өткөрүлдү

Тогуз-Торо районунун 90 жылдыгы белгиленип, 90 иш-чара өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Мааракеге карата райондо жалпысынан 90 иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу облустун мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Салтанатка Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана район тургундары катышты. Мааракенин жүрүшүндө,

Ишкер Media
Бишкекте ракты дарылоочу клиниканы куруу демилгеси талкууланды

Бишкекте ракты дарылоочу клиниканы куруу демилгеси талкууланды

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров James Cubitt & Partners эл аралык компаниясынын төрагасы Суадад Сумайдаи жана компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу 19-октябрда мекемеден билдиришти. Анда инвестициялык кызматташтыктын багыттары, чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу жана Кыргызстанда келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. "Биз эл аралык

Ишкер Media