Кыргызстан менен Өзбекстан тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар

Кыргызстан менен Өзбекстан тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Амантур Турсуниязов Өзбекстандын Тоо-кен өнөр жайы жана геология министринин орун басары Рустам Юсупов менен жолукту.

Жаратылыш министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар геология, жер казынасын пайдалануу жана тоо-кен өнөр жайы багыттарындагы кыргыз-өзбек кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле өкмөттөр аралык макулдашууларды ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоо жана эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоо маселелерине көңүл бурулду.

Жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ортосундагы тоо-кен жана геология тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү